Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:34

ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫ КЕЧИКТИРБЕЙ АЯГЫНА ЧЫГУУ ЗАРЫЛ


Айнура Асанкожоева, Прага Премьер-министр жетектеген жумушчу топ иштеп чыккан Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып калса негизинен бийлик бутактарынын тен салмактуу иштешине бир топ өбөлгө болот. Бул Конституция боюнча премьер-министрликке Жогорку Кеңеш мыкты, тың кишини көргөзсө ал мурдагы өкмөт башчыларындай көз каранды болбой, өзүнүн тандаган командасы менен натыйжалуу иштеп кеткенге шарт түзүлөт. Бул жөнүндө аталган жумушчу топтун мүчөсү, белгилүү дипломат саясатчы Ишенбай Абдуразаков «Азаттык» менен болгон маегинде баса белгилеп билдирди.

- Мен азыр сиз менен маекке даярданып жатып бир топ кыйынчылыкка туш болдум. Премьер-министр Алмаз Атамбаев жетектеген топ Конституцияга толуктоо-өзгөртүүлөрдү иштеп чыктыбы же Баш мыйзамдын жаңы редакциясын даярдадыбы. Себеби ар кайсы булактарда, маалымат каражаттарында ар кандай айтылып жүрөт. Ушуну угармандар үчүн да тактап кетсеңиз?

- Эч кандай жаңы редакция болгон эмес, ноябрдагы, декабрдагы Конституцияга кирген кээ бир дисбаланстарды оңдоп, бир канча пунктары боюнча өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондуктан муну өзгөртүүлөр жана кошумчалар деп айтып койсо болот.

- Ишенбай мырза, өкмөт башчы Конституция боюнча оппозициянын сунуштарын карап көрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө билдирди. Сиз муну колдойсузбу?

- Жумушчу тобу иштеп чыкканда мен башынан эле айткам, Конституцияны ушундай авралдык акыбалда караган болбойт, жакшылап ийине жеткирип карайлы деп. Бирок ошол кезде саясий абал абдан курчуп кеткендиктен убактылуу кризис жарылып кете электе компромисс катары ушуну суштайлы деп, калган жумушчу топтор да ошого макул болуп, киргизилген болчу. Эми киргизилген өзгөртүүлөр негизинен бийлик бутактарынын балансына бир топ өбөлгө болот. Эгерде ушул жакшы иштеп кетсе премьер-министр, Жогорку Кеңеш мыкты, тың кишини көргөзсө ал мурдагыга караганда көз каранды болуп, өзүнчө команда менен иштеп кеткенге шарт түзүлөт деген тилек менен киргизгенбиз. Аны кандай кылат, мындан аркы процедура боюнча кетет да. Ошон үчүн киргизилген кошумчалар менин оюмча позитивдүү кошумчалар. Эгерде, Жогорку Кеңеш дагы, калгандары дагы Конституцияны абдан көңүлдөгүдөй кылып кайрадан иштеп чыгалы десе, ага эч кандай каршылык болбош керек. Бирок, редакцияны создуктуруп жиберген болбойт. Ушул конституциялык реформанын айынан көп саясий кризистер болуп атат. Муну бийлик жагындагылар өтө эле солгундатып жиберип, эки түндүн ичинде эч нерсе болбогон үчүн ошол шылтоо болуп көп толкундарга алып келип атпайбы. Ошондуктан муну көп кечиктирбей аягына чейин чыгыш керек.

- Ушул процедура канчага созулушу мүмкүн?

- Мисалы азыр Конституциялык сотто карайбыз десе алардын өзүнүн мөөнөтү болот. Андан кийин алар кандай чечим чыгарат, Жогорку Кеңештин позициясы кандай болот, ошолорго көп нерсе байланыштуу. Ошондуктан ноябрдагы дагы, декабрдагы дагы булар процедураны бузгандыктан легитимдүү болбой жүргөн. Азыр муну кадимкидей эч ким каршы болбогондой, кынтыксыз, мыйзамдарга тууралап туруп жасаш керек. Көпкө чейин иштей турган Конституция болот. Конституция акыбалга жараша болот. Бул догма эмес. Биз жумушчу топ ошону киргизгенде президенттик, парламенттик шайлоолор өтүп кеткенге чейин иштесе, андан кийин азыркы акыбалга, ойго, туура шайкеш келе турган Конституция кабыл алалы деген резерв менен алынган ал.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG