Украинада 3 жумага жакын созулган саясий кризистен кийин тараптар компромисс жолуна түштү көрүнөт. Президент Виктор Юшенко жума күнү мыйзам чыгаруучулар бир катар реформаларды ишке ашырышса, парламентти таркатуу жөнүндөгү жардыгын кайтарып алууга даярдыгын билдирди.
Негизги атаандашы премьер-министр Виктор Янукович менен жолугушуудан кийин Юшенко мындай деди:
- Президент жарлыгын токтотууга даярбы? Мен “ооба” деп айткым келет. Бирок, кыска мөөнөттүн ичинде саясий компромисстердин пакети иштелип чыккан кезде гана.
2-апрелде Юшенко Верховна Раданы (парламентти) таркатып, эрте парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү жарлыгына кол койгон. Президент премьер-министр Януковичтин бийликтеги коалициясы оппозициядагы депутаттарды мыйзамсыз түрдө өз тарабына тартып, парламенттеги көпчүлүккө ээ болгусу келет деп айыптаган.
Өкмөт башчы болсо президенттин кадамын мыйзамсыз деп атап, ага баш ийбей турганын билдирип келди.
Жарлыкты чакыртып алуу үчүн президент депутаттардан регламентке 10 чакты өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда.
Президенттин жума күнкү билдирүүсүнөн кийин Янукович Киевтин борборунда чогулган тарапкелерине кайрылып, эмки аптада Юшенко менен компромисс табуунун үстүнөн иштейбиз деди:
- Президент Юшенко менен кыска мөөнөттүн ичинде пикир келишпестиктерди жоюууга макулдаштык. Президент өз көз карашын билдирип, талаштуу маселелер саясий жана мыйзамдык жагынан жөнгө салынгандан кийин жардыгын токтотууга жана тынчтык келишимине кол коюууга даярдыгын айтты.
Тил табышуунун ишараларына карабай, борбор калаанын көчөлөрүнө миңдеген демонстрант агылды.
Парламентти тарактуунун активдүү жактоочусу, оппозициянын лидери Юлия Тимошенко болсо өзгөрүүлөр жаңы шайлоо өткөндө гана болот деп билдирип, өз турумунан тайбайт көрүнөт.
Анын аралыгында өлкөнүн Конституциялык соту президенттин жардыгы канчалык мыйзамдуу деген маселени карап жатат. Тараптар соттун чечимине баш ийишерин убада кылышкан эле.