Көп жылдан бери алгачкы жолу добуш берүүчүлөрдүн ири бөлүгү (айрым маалыматтарга ылайык, 30 процентинен ашууну) талапкерлердин кайсынысына артыкчылык берерин акыркы мүнөткө чейин чече элек болчу.
Шайлоо алдындагы коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрү, тарапкерлеринин саны жагынан башкаруучу коалициянын – “Элдик кыймыл үчүн союздун” ырасмий талапкери Николя Саркози алдыда келатканын көрсөткөн болчу. Аны жактагандар саны жалпы шайлоочулар арасында 28 процентке жетет. Оппозициядагы социалисттер партиясынан Сеголен Руаяль башкы атаандашына куйрук улаш келатат. Бул экөөнөн тышкары талапкерлер арасында башкаруучу коалициянын дагы бир өкүлү – “Демократиялык күчтөрдүн” кандидаты Франсуа Байру, ашкере оңчул Улуттук фронттон Жан-Мари Ле Пен бар.
Улутчулдардын лидери 2002-жылдагы шайлоодо күтүүсүздөн экинчи орунга чыккан эле. Ле Пен бу жолу да ошондогу “эрдигин” кайталаганга үмүт кылууда. Башкы атаандаштарынын бири Саркозини жакында ал француздарга президент боло албайт деп айтып, анын теги можар экенин эске салды. Буга Саркози Франция кимдин кайдан келгенин унутууну талап кылбай турганын, ушунун өзү улуттук жалпы биримдиктин белгисин билдирерин айтып жооп берди.
Франциянын тарыхында биринчи ирет бул жолку шайлоого мамлекет башчылыгына саясатчы аял талапкер болуп катышууда. Сеголен Руаяль, эксперттик эсептерге караганда, экинчи айлампага чыгышы ыктымал. Ал өзү социалдык системаны кепилдеген, бул аркылуу калктын бардык катмарын бириктирген, алардын ичинде улгайган адамдар менен майыптардын проблемаларын социалдык камсыздоо чөйрөсүнө кошкон республиканын президенти болорун айтып жатат.
Социалист айымдын талуу жери катары байкоочулар анын өкмөттүк кызматтарда иштебегенин, тышкы саясатта такшала электигин айтышууда. Саркози болсо шайлоого даярдык көрүү мезгилинде ички иштер министринин кызматында калып, мындан белгилүү өлчөмдө пайдаланганы, ошондон соң гана кызматын тапшырганы үчүн сынга алынууда.
Добуш берүүнү экинчи айлампасы 2 жумадан кийин, 6-майда болот. Ага эң көп добуш алган 2 талапкер катышат.
Францияда президенттен соң июндун башталышында парламент шайланышы керек. Андыктан алдыдагы эки ай өлкөдө коомчулуктун саясий бүйүрүн кызыткан мезгил болмокчу.