Быйылкы шайлоого кызыгуу мурдагы жылдарга караганда абдан жогоруу болууда. Францияда добуш берүү укугуна 44 жарым миллиондой адам ээ. Алардын басымдүү көпчүлүгү добушканаларга баруу ниетин билдирип келишти. Ошол эле маалда буга чейинки сурамжылоолор көргөзгөндөй, шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгү акыркы мүнөткө чейин кимге артыкчылык берерин чече элек болчу.
Эки негизги талапкер оңчулдардын өкүлү Николя Саркози жана социалисттердин талапкери Сеголен Руаяль экөө тең экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин туулган.
Саркозинин тарапкери Пьер де Шарнак чордончул кандидат Франсуа Байру чоң шанстарга ээ болушу мүмкүн дейт, себеби Саркозинин атаандаштары аны миграция өңдүү маселелерде мокочо кылып көргөзүүгө аракеттеништи, - дейт де Шарнак:
- Менимче, көп адамдар Байруга добуш беришет. Себеби, тилекке каршы кээ бирлер Саркозиден чочулашат. Азырынча так айтуу кыйын.
Француздар дүйнөлүк аренада өлкөнүн добушу азыраак угулуп калды деп тынчсызданышат. Алсак, Париждин Ирактагы согушка каршы аракеттеринен акыр аягында майнап чыккан жок. Саркози Франциянын тышкы саясатын америкачыл кылып кайра курууга даяр көрүнөт. Руаял болсо этияттыгын көргөзүп, Буш менен кол алышардын алдында ага Акүйдүн саясаты жөнүндө ойлорумду айтат элем деген.
Франциянын экономикасы Европада 2-орунду ээлейт. Андыктан эски континенттин жалпы экономикасы, жалпы валюта - евронун абалы жаңы президенттин ички аракеттерине багыңкы болмокчу.
Чет өлкөлөрдө жашаган көпчүлүк француздар добуштарын кечээ бере башташкан.
Мисалы Австралиядагы 10 миңге жакын франциялык шайлоочу жекшембиде 6 добушканага агылды. Сиднейде жашаган Винсент Шар, Ройтерстин кабарчысына буларды айтты:
- Добуш берүү – бул менен укугум жана милдетим. Биздин келечегибиз, балдарыбыздын эртеңкиси үчүн Франциянын багытын аныктоо маанилүү. Бул шайлоодо саясатчылардын жаңы муунун, согушка чейин туулган саясатчылардын ордун баса турган адамдарды көрсө болот.
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жергиликтүү саат боюнча кечки 8ден кийин белгилүү болмокчу.