Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

19-АПРЕЛЬ КУУГУНТУКТУН БАШТАЛЫШЫБЫ ЖЕ МЫЙЗАМДУУЛУКТУН ТҮПТӨЛҮШҮБҮ?


Укук коргоочулар Кыргызстандын күч органдары «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун митингине катышкан адамдарды куугунтуктоо башталгандыгын билдире башташты. Алардын айтымында учурда Улуттук коопсуздук кызматы 19-апрелде болуп өткөн тополоңго байланыштуу 150гө чукул адамды камакка алышып, дагы көптөгөн адамдарды суракка ала башташты. Бирок, УКК бул иштер боюнча купуялыкты сактап, азырынча кандайдыр бир маалымат берүүдөн оолак турушат. Ошентсе да бийлик адамдары эч кандай куугунтук болбогондугун, жөн гана күнөөлүүлөрдү тактоо жүрүп жатканын айтышууда.

Айрым укук коргоочулар бийлик тарабынан “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун митингисине катышкан адамдарды куугунтуктоо башталгандыгын айтып чыгышты. 19-апрелде акүйдүн алдында тополоң чыгып, милиция чагым чыгаргандардын аркасы менен борбордук аянтты митингчилерден бошотушту. Буга байланыштуу бир катар кылмыш иштери козголуп, Бириккен фронттун лидерлери баш болгон адамдар суракка чакырыла баштады. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын ырасташынча, суракка чакырмак тургай күч органдары айрым адамдарды камап, ур-токмокко алышып, мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жатышат:

- Бүгүнкү күндө коомдук коопсуздук дегенди жакшылап иштетиш керек да. Оппозициянын адамдарды репрессия болуп атат. 22 жаштагы Адилет Айтикеев бүгүнкү күндө үч суркага УККда отурат камака. Ал туура эмес да.

Ошентсе да бийлик өкүлдөрү айрым укук коргоочулар бул ишти караганда аша чаап кетип жатканын айтышууда. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун ырасташынча, эч кандай катуу куугунтук жок:

- Айрым укук коргоочулар кичине ашырып жиберип атат да. Эптеп министрдин орун басарына айтып киргизип койсом, алар барып алып 1937-жыл болуп атат, тиги-бу дешип, ал ашыкча да. УККдан айтышты мага, алып келип туруп эле эки-үч саат сурап эле кайра кетирип атабыз дейт. Эч кимди камашпаптыр. Эми мындай да, 37-жыл жок, кудайды карашсын.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, митингди уюштургандар жоопкерчиликтен качып кетишерин, кайра эле ишти жасаган жөн адамдар жооп берип каларын билдирди. Бирок, сабак болсун үчүн ошол мыйзамды бузган адамдарды жоопко тартуу керек дейт премьер-министр:

- Менин кечээки шериктештеримдин бирөө да камакта жаткан жок, жатпайт дагы. Алар кутулганды билишет. Бирок, жөн эле бирөө көчөдө машине айдап баратса чуркап барып таяк менен терезеге уруп атса, аларга эмне биз ырахмат айталыкпы же медаль берелиби. Документтешкен, катталган кылмыштар үчүн жооп бериш керек. Жок дегенде кийин сабак болсун да, «ай, барганда жөнү жок эле адамдарды же машинени урса болбойт экен, дүкөндү талкаласа болбой экен» деп элди көндүрүш керек да.

“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун мүчөсү, апрель митингилеринин уюштуруучуларынын бири Мукар Чолпонбаев, УКК аларды суракка алганы менен азырынча кысым көрсөтө электигин ырастады:

- Бизге чоң деле кысым болгон жок. Бардыгыбызды алып барып сурап атат, сурактан өтүп атабыз. Мындай жетекчиликтерден камалып жаткан эч ким жок.

Белгилүү маясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, учурда бийлик куугунтуктарга барат дешке эч кандай негиз жок:

- Саясий куугунтук башталып кетет дешке азыр негиз жок. Бирок, бириккен фронттун лидерлерине ушунчалык тездик менен кылмыш иши козголо калып, эртеси күнү эле эртең менен саат алтыдан баштап чакыруу кагаздары таратылып калганына караганда, албетте чечкиндүү аракеттерге өтүп атышат. Ал мыйзамдын чегинде болсо эч кимде талаш болбойт.

УКК азырынча канча адам кармалганын, канчасы суралып, канчасы камакта жаткандыгы тууралуу маалыматтарды бербей, иштин купуялыгын сактап жатышат. Укук коргоочулардын баамында күч органдарында камакта бул иш боюнча 150гө чукул адам жатат. Ошол эле учурда митингдин уюштуруучуларынан бир да адам азынча камалган жок.

XS
SM
MD
LG