Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

ФРАНЦИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ САРКОЗИ ЖЕ РУАЯЛЬ БОЛОТ


Франциянын болочок президенти 6-майда аныкталат. Кечээ 22-апрелде болгон шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынытыгы боюнча, оңчул Николас Саркози 30 процентке жакын добушка, ал эми социалист Сеголен Руаяль 26 процент добушка ээ болушуп, экинчи айлампага чыгышты. Добуш берүүгө 44, 5 миллион шайлоочунун 84 процентке чукулу катышты. Бул 1962- жылдан берки эң чоң көрсөткүч.

Ошентип, 12 талапкердин ичинен 6-майда болчу президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Николас Саркози менен Сеголен Руаяль чыгышты. Шайлоочулар ашынган оңчул Жан- Мари Ле Пенге 2002- жылкыдай ишеним көрсөтпөдү. Ле Пен беш жыл мурда 26 процент добуш алып, экинчи айлампага чыкса, бул ирет ал 11, 5 процент гана добушка ээ болду. Ал эми оңчулдар менен солчулдарды биригүүгө чакырган Франсуа Байруну шайлоочулардын 18 проценти колдоду. Калган сегиз талапкердин бири да 5 процентке жетпеди.

Мурдакы Ички иштер министри Николас Саркози 22- апрледеги добуш берүүнүн жыйынтыгын уккандан кийин мындай деди:

-Урматтуу мекендештерим. Бүгүн Франциянын эли өз мүдөөсүн ачык билгизди. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы биздин демократиянын жеңиши болду. Француз эли жапырт шайлоого чыгып, туш келген эле адамга өз тагдырын ишенбесин көрсөтүштү. Биринчи айлампада баарынан көп мага жана Роуаяль айымга көп добуш беришип, Франция келечекте карманчу эки жолдун кайсынысын тандаарын ачык билгизишти.

Франциялык жарандар президенттик шайлоого чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышты. 44, 5 миллион шайлоочунун 84 проценти же 37 миллиондон ашуун адам добуш берүүгө катышты. Бул 1962- жылкы рекорддук көрсөткүчтөн бир аз гана төмөн.

Шайлоодо ким жеңсе, ал акыркы 12 жылда мамлекет башында турган Жак Ширакты алмаштырат.

52 жаштагы Николас Саркози мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартып, кесиптик союздардын ролун чектеп, салыктарды азайтуу менен экономиканы либералдаштырууну көздөйт. Ал ошондой эле иммиграция саясатын катуулата турганын жашырбайт. Мурдакы Эмгек министри, 53 жаштагы Сеголен Руаяль жеңишке жетсе, Франциянын тарыхында биринчи аял президент болот. Ал социалдык чыгымдарды көбөйтүп, коомдогу социалдык ажырымды жойууга дилгир.

IPSOS институту өткөргөн сурамжылоого караганда, 6- майда 54 процент добуш менен Саркози жеңет. Ал эми Руаяль 46 процент добушка ээ болот. Бул эки саясатчынын 22- апрелде башка талапкерлерден көп добуш алары мурдатан айтылганын эске алсак, франциялыктар Саркозиге артыкчылык берээри толук мүмкүн.

XS
SM
MD
LG