Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

23-АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Улуу жүз казактардын приставы 1852-жылдын 23-апрелинде Батыш сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго кыргыздардын Или суусунун башкы агымын ээлегендигин билдирген. Таанымал венгр окумуштуусу Г. Алмаши жетектеген илимий экспедиция 1899-жылдын бу күндөрү Пишпек уездине келген.

Султан Кененсары баштаган казак колу Токмок алдындагы кыргыздар менен болгон салгылашта катуу жеңилип, кыргыздардын ташы өйдөлөгөн. Казак уруулары буга чейин ээлеп келген жерлеринен сүрүлүп Казакстандын түндүк-батышына жер которушкан. Ормон хан ыңгайлуу учур келгенин илгиртпей туюп, 1852-жылдын февраль айында Или суусунун башкы агымын ээлеп алган. Айрым кыргыз уруу башчылары Ормон хандын аркасынан Илинин сыртына көчүп келишкен жана мындай жагдай кыргыз-казак мамилесин курчутпай койгон эмес. Улуу жүз казактардын приставы 1852-жылдын 23-апрелинде Батыш сибирь генерал-губернатору Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдоп, кыргыздардын казак жерин ээлеп алышын, Улуу жүз казактардын султаны Алий Адиловдун абалынын начарлашы менен түшүндүргөн.

Таанымал венгр окумуштуусу Г. Алмаши жетектеген илимий экспедиция 1899-жылдын бу күндөрү Пишпек уездине келген. Австро-венгриялык экспедиция Кытай багытында чалгын жасап, жолдо кездешкен калктар туурасында маалымат топтогон. Венгр окумуштуусу Г. Алмаши кыргыздар жөнүндө баалуу маалымат чогулткан. Анын этнографиялык баамдоолору бүгүнкү күндө да оригиналдуулугу менен окумуштуулардын көңүлүн буруп келет. Г. Алмаши «Манас» эпосунан үзүдү жазып алып, кийин аны менен европалык окурмандарды тааныштырган.
Совет бийлигин курууга киришкен кыргызстандык большевиктер маалымдоо каражаттарын максатту пайдалануу максатында 1919-жылдын бу күнү «Пишпекский листок» гезитинин жетекчилигин алмаштырган. Гезит редакторлугуна тажрыйбалуу журналист Алексеевди коюп, жалпы идеологиялык көзөмөлдөө милдети большевик Швец-Базарныйга жүктөлгөн.

Октябрь революциясы орногондон кийинки тарых тамашасы 1924-жылдын 23-апрелинде жасалды. Буга чейин жүргүзүлгөн календарлык өзгөрүүгө ылайык эски датаны жаңыга которгондо бир күн ашыкча кошулганына байланыштуу, пишпектик коммунисттер «улуу көсөм Владимир Ильич Лениндин туулган күнүн белгилөө» жөрөлгөсүн жайылтуу боюнча саясий компанияны бу күнү кызуу жүргүзүп жатты. Бардык жумушчу клубдарда бүткүл дүйнө коммунисттеринин жолбашчысынын урматына кечелер уюштурулуп, китепканаларда Лениндин бурчтары жасалгаланган.
XS
SM
MD
LG