Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:52

12:05 К.Исабеков: Кыргыз армиясында коррупция көп


БИШКЕК. Төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, бюджеттен быйыл коргоо министрлигине 2,5 млрд сом бөлүнсө анын 1,7 млрд сому жалаң эле генерал, офицерлердин айлык акысына каралган. «Бул өтө көп», деди К.Исабеков. «Кыргызстанда 63 генерал бар, бул Кытайдыкынан да көп», деди ал. Анын айтымында, Коргоо министрлиги аскерлерди жогорку аскер окуу жайларына өң-тааныштык менен жөнөтөт. «Министрликте кландык, кайын-журттук, тууганчылык, коррупция гүлдөп өсүп жатат», деп билдирди К.Исабеков.

Ал эми депутаттар К.Ташиев менен А.Келдибеков кыргыз армиясында абал оңолду, жагдай жакшырды деген пикирде.

XS
SM
MD
LG