Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

ОСМОН АРТЫКБАЕВ: «РЕФОРМА» КЫЙМЫЛЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛАП КЫЛА БЕРЕТ


«Азаттыктын» маектеши ЖК депутаты, «Реформа» кыймылынын мүчөсү Осмонбек Артыкбаев.

- Биз уккан маалыматка караганда Жогорку Кеңеш бүгүн алдыдагы айларга өзүнүн күн тартибин бекитет. Парламенттик каникулга чейин эки айдан бир аз ашуун убакыт калды. Албетте, көп маселе бар, мыйзамдар да кезегин күтүп жатса керек. Демек, Конституцияга өзгөртүү киргизүү жараяны эң кеч дегенде парламенттик каникулга чейин аякташы керекпи? Сиз ушундай ишенимде турасызбы?

- Менин оюмча сөзсүз түрдө биз карашыбыз керек. Себеби, конституциялык реформа коомдун талабы. Элдин күткөнү ушул маселе болуп атат. Биз эле эмес бүткүл дүйнө бул маселени карап, күтүп отурат. Себеби, бул конституциялык реформанын долбоору биздин өлкөнү саясий, коомдук чоң кризиске алып келип койду. Сөзсүз түрдө конституциялык реформага барышыбыз керек. Конституциялык роеформанын мааниси бийликтин кыймыл аракетин, жүрүшүн элдин көзөмөлүнө коюу маселеси болуп турат.

- Конституцияга киргизилүүчү болочок өзгөртүүлөрдүн да өткөөл жобосу болот. Мурдагы жоболордо шайланган бийлик органдарынын баары өз мөөнөтүн бүткөнчө иштээри көргөзүлгөн эле. Кандай дейсиз мөөнөтсүз президенттик шайлоо жөнүндөгү талаптары эми күн тартибинен чыктыбы?

- Менин оюмча, президентти шайлоо маселеси 2009-жылдын аягында болсо коомдун жана саясаттын талабына туура келет болуш керек.

- Конституция кабыл алынгандан кийин ага мыйзамдар ылайыкташтырылышы керек. Бул дагы көп убакытты талап кылуучу маселе болсо керек. Кандай дейсиз, окуялардын мындан аркы өнүгүшү бул ирет Конституцияны абдан бышырып кабыл алып, андан кийин башка укуктук базаны даярдап, анан шайлоо маселесин алдыдагы эки жылда экономиканы эстен чыгарбай саясий жактан жаңыланууларга 2-3 жылды сарпталышы абзел болот го?

- Негизинен туура. Биз Конституцияны кабыл алсак болот. Себеби Конституция бышып жетилген маселе. 3-4 жылдан бери даярдап, байкап элдин баары эле түшүнүп калды кандай Конституция керек экенин. Биз Конституцияны кабыл алгандан кийин Конституцияны ишке ашыруу боюнча жүздөн ашык мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек. Буга да даярдык, убакыт керек. Андан кийин коом жаңы жагдайга туура келип туруп, анан 2009-жылга чейин партиялардын калыптануусу, ошолордун өзүнүн бутуна туруп алууга убакыт мүмкүнчүлүгү туура келбейт. Ошон үчүн бул маселени кармабай, токтотпой коом талап кылган нукка кирип, тез аранын ичинде кабыл алышыбыз керек.

- Сиз “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсүсүз, “Реформа үчүн” кыймылынын, Бириккен фронттун уюм катары келечеги кандай деп ойлойсуз?

- Фронттун уюм катары кандай экенин билбейт экемин. Бирок “Реформа үчүн” кыймылы - биздин пландарыбыз айкын ачык. Биринчиден, конституциялык реформа, таза- элге иш кылган бийликтин системасын түзүү, экономикалык реформага баруу, коррупцияны жоюу, жалпы коомду тазалоо максат турат. Ушул максаттын негизинде саясатчылар иш кыла беребиз.

Маек курган Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG