- Сиз алдыдагы биз айткан окуяларга мониторинг жүргүзүп жатсаңыз керек. Айрым кесиптештериңиз тарабынан айтылып жаткан ырастоолорго макулсузбу?
- Кесиптештерим СНБга, МВДга биздин комиссиянын жолдомосу аркылуу берип атат. Министрлер менен, орунбасарлары менен сүйлөштүк. Алар жолугушуп чыкты. Жолугушуп чыкканда кармалып аткан балдарды, Азмат Калманды, Бөдөш Мамыроваларды 3-4 саат кармап, аларды чыгарбай беймаза кылган учурлар бар экен. Анан мен ушул комиссиянын жетекчиси катары министр, орунбасарлар менен сүйлөшүп, аларды эмне үчүн кармап атасыңар десем айтты, кылмыш иш кылгандан кийин алардын бардыгын расмий түрдө сурашыбыз керек, протокол толтуруп аягына чыгарышыбыз керек, кылмыш иш козголсо бир жөн эле, бирок биз аларды эч кармабайбыз деп айтты. Бирок 180дей адам кармалып атат деген бул толук маалымат эмес. Анткени приемник распределителде гана бир нече адамдар бар. Ал эми СНБ, МВДда азыр адамдар жок деп айтышты. Бир жигит боюнча үч күн кармайбыз деген экен, ошонун дайынын биле албай атам.
- Демек ушул маселе бүгүн премьер министр менен укук коргоочулардын күтүлүп жаткан жолугушуусунда талкууланат экен, сиз да барасызбы ал жыйынга?
- Биз ушул жыйынды уюштуруп атабыз. Мен премьер-министрге укук коргоочулардын жолугабыз деген демилгесин телефон аркылуу түшүндүрүп айттым. Айтсам ал киши дароо макул болду. Бүгүн Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова жолугушуп толугу менен айтып беришет. Бул маселени мындай кылалы деп атабыз. Митингдин катышуучуларын куугунтукка алып, артынан түшпөй, кысым көрсөтпөй мыйзамдын чегинде улуттук келишимге келип тегерек стол менен чечели деген ой бар. Буга чейин да мен Алмаз Атамбаевге түшүндүрүп айттым, Куловду, Субаналиевди, башкаларды куугунтуктагандан эч пайда жок деп. Бул жерден эч ким позитивдүү болгон жок, эки жагы тең утулду деп ойлойм. Спецкаражаттар менен болсо да атышууга жетпешибиз керек эле, жеткенден кийин тегерек столго отуруп маек курушубуз керек, улуттук келишимге келишибиз керек. Эки жактын тең анча-мынча болсо да жели чыгып калды го дейм.
- Ошол козголгон кылмыш иштин келечеги кандай?
- Мен ойлойм кылмыш иштин келечеги дискетгейттей эле болот. Ал деле акыры жабылбадыбы. Бирөөнү соттоп, же камап, же штраф салабыз деген катуу ой жок. Бирок кылмыш иш козголгондон кийин анын акырына чыгыш керек, кандайдыр бир адамдар дагы жазаланышы керек. Анткени, таш менен уруп ийди, милиция денесинен катуу жаракат алып турат, көзү көрбөй калышы мүмкүн, милиция тарабынан да катуу сабалган балдар бар. Эки тараптан тең кетип атат. Ошолор тиешелүү жазасын албаса болбойт. Мына менин деле убагында башымды жарып, тиштеримди сындырып, жаактарымды талкалап кетти. Ошол адамдар жазасыз эле калып калды. Жазасыз калган болбойт. Кандайдыр бир жаза алыш керек ошол эле милиция тараптын күчтөрү дагы, митингге катышкандар дагы.
- Өткөн аптада “Агым”, “Кыргыз руху” сыяктуу айрым оппозициялык гезиттер соттун чечимисиз эле басууга тыюу салынбадыбы. Бул көрүнүш өнөкөткө айланып кетпейби?
- Кыргызда бир макал бар, “бөрк ал десе баш алат” деген. Ошондой болуп кетти, “Агымды”, “Кыргыз руху”, “Аптаны” соттоонун, же чыгарбай коюнун эч кандай зарылчылыгы жок болчу. Бул сөз эркиндигин муунтуу же куугунтуктоого кирип калат. Мен ойлойм ачуулуктан гана жасалган иш бул. Эртеси 20-апрелде чыкмак. Мындан кийин гезиттерди жабууга мамлекет менин оюмча барбайт. Анткени биз демократия, сөз эркиндиги жолун тандап алганбыз.
- Маегиңизге ырахмат.
Маектешкен Улан Эшматов