"Мага кайрылган адамдар өздөрүнүн пландарын айтып жатышат. Мен аларды чукул аракеттерден оолак кармоого аракет кылуудамын. Алар абдан кыжырланып ар кандай агрессивдүү аракеттерге барганы жатышат. Бакиев 19-апрелдеги аракеттери менен элди түндүк-түштүккө бөлүп салганы элди абдан тынчсыздандырууда. Мага бул жөнүндө ачык эле айтып атышат. Менин, Бириккен фронттун азыркы максаты - элди биротоло бөлүнүп-жарылуудан сактап калышыбыз керек. Ошон үчүн адамдарды ынандырууга аракеттенүүдөмүн."
Куловдун айтымында, Байтик айылына анын туугандары турган жерге митингден куулуп сабалган, коркуп калган көп адамдар келип жатат. Балдары менен келген аялдар да бар. Алгачкы күндөрү бул жакка төрт жүз, беш жүздөй адамдар келип жардам сурашкан. Туугандардын жардамы менен чатырларды тигип, аларды жайгаштырып, сооротуп, тамак берип карап жатышат. Аларды чекесинен үйлөрүнө жиберүү аракеттери болууда. Бирок көп адамдар кеткиси жок.
"Эгер бийликтегилер күч колдонсо алар бирдиктүү туруп каршылык көрсөтүү үчүн кетпей жатышат. Мен аларды бул ойдон баш тартууга аракет кылуудамын. Кырдаал, моралдык-психологиялык абал абдан жаман. Алар түштүктөгүлөр келип, тебелеп-тепсеп, кемсинтти, түштүктөн ээнбаш зөөкүрлөр келип, жүз чакты милиция кызматкерлери менен көпчүлүгү түндүктөн болгон миңдеген адамдарды кууп таркатты деп кыжырланып айтып атышат",-деп баса белгиледи оппозициянын лидери.
Куловдун баамында, кыжырлануу учкундары аймактык жаатташууга өсүп кетпеши үчүн абдан зор аракеттер керек: "Бул эң биринчи маселе. Бийлик муну түшүнбөй жатат кармап камоого өттү. Бул элдин канын ого бетер кызытууда. Бул жоопкерчиликсиз чечимдер. Кармап-камоолор кырдаалды курчуткандан башка жардам бербейт."
Бириккен фронттун жетекчиси бир эле учурда 19-апрелде чыккан тополоңдун себептерине да токтолуп, митингдин уюштуруучуларына козголгон кылмыш иштеринин эч кандай келечеги жок деп айтып, бардык жоопкерчиликти бийликке жүктөдү.
"Митинг мөөнөтсүз деп жарыяланган, максат-конституциялык реформа, чукул президенттик шайлоо өткөрүү болчу. Биз максатыбызга жетмекпиз,- деп айтты Феликс Кулов.- Бийлик биздин Ак үйдү албай турганыбызды түшүндү, себеби мен бул жөнүндө көп айткам, штабда бул жөнүндө тамаша кеп айтууга да тыюу салгам. Алардын 14-апрелдеги биринчи аракеттери оңунан чыкпай калды. Алар митингичилерге кол салышты, митингичилер алар менен мушташып кирет деп күтүшкөн. Милиция кийлигишип, буларды да, тигилерди да кууп таркатат деп ойлошкон. Андай болбоду. Митингичилер өзүбүздү тартиптүү кармайбыз, ээнбаш зөөкүрлөрдүн катыгын беребиз деп мен убада кылгандай эле болду. Бул митингди кайтарган биздин күчтөрдүн жардамы менен ушундай болду. 19-апрелде алар тактикасын өзгөрттү, тынч демонстранттардын колоннасына кол салышкан жок. Демонстранттар ак үйдөн кеткенде ээнбаштар калып, таштарды, пластик бөтөлкөлөрдү ыргытып башташты."
"Милиционерлер «туруктуулук менен чыдашты». Митингичилердин колоннасы Белинскийге жетип, Манас проспекти, Москва көчөсү менен кайта баштаганда милиция көздөн жаш агызчу газ, ышкырган гранаталарды атып, артта келаткандарды күтүп туруп, кууп тарката баштады. Ээнбаштар милицияны көздөй качышып, алардын тосмосунан өтүп аралашып, сиңип жок болуп кетишти. Ал эми аянтка бейкапар келаткан тынч демонстранттар жабыркады. Бул эмне тукурук эмеспи?"-дейт "Фронттун" лидери.
Куловдун айтымында, тукурук уюштургандыктан бийлик коркуп, жоопкерчиликти митингдин уюштуруучуларына жүктөп жатат. Сот процесстери башталса эле миңдей адамдар күбө болуп чыгат. "Бийлик муну түшүнүп турат, ошондуктан биринчи этапта анын маскаты-коркутуп-үркүтүү, адамдарга бириккенге тоскоолдук кылуу. Түз айтканда процесс башталды, эгер бийлик акылсыз аракеттерге барса бул процесс кайра жангыс түргө өтөт. Көрөсүңөр, мен эчтеке кыла албай калам, анткени бийлик өзү тукурук жасап, адамдарды бириккенге аргасыз кылып жатат",-деди Феликс Кулов.
Бириккен фронттун штаб башчысы генерал Өмүрбек Субаналиев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү тарабынан суракка чакырылып, сурактан кийин камакка алынган болчу. Аны үч суткага камап жатышканы айтылган. Өмүрбек Субаналиев бул жакка 19-апрелде Бишкекте болгон тополоң боюнча козголгон кылмыш иш боюнча күбө катары сурак берүүгө чакырылган.
Бийлик тарап өз кезегинде оппозицияга репрессиялык чаралар болбойт, бирок массалык тополоң чыгаргандар жазаланат деп билдирүүдө. Бул жөнүндө бүгүн бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушууда пемьер-министр Алмазбек Атамбаев да айтып өттү.
Премьер-министр оппозиция лидерлерине саясий куугунтук, репрессиялык чаралар болбосун деп укук коргоо органдарынын жетекчилерин чакырып эскерткенин, ошол эле учурда 19-апрелде борбордук аянтта мас болуп алып, массалык тополоң чыгарган ээнбаш жаш балдарды таап жазалагыла деп айтканын белгиледи. "Шаарды талкалап жаткандарга биз эмне үчүн медаль менен гүл беришибиз керек. Алардын жазасын колуна бериш керек, мыйзамдуу түрдө",-деди премьер-министр. (KCh)