Шайлоонун биринчи айлампасында башкаруучу коалициянын талапкери Николя Саркози 31 проценттен ашуун добуш алды. Социалисттердин өкүлү Сиголен Руаял андан 5 процент артта калды. Үчүнчү орунга добуштардын 18 процентин алып, орточулдардын кандидаты Франсуа Байру чыкты, ал эми Улуттук фронттун улгайган лидери Жан-Мари Ле Пенди бу жолу шайлоочулардын он бир проценттейи колдоду.
Саркози менен Руаял эми дал ушул орточулдар жана улутчулдар электораты үчүн күрөшөт.Саясий өнөктүктүн башталышында Саркозиге каршы социалисттер менен орточулдар арасында блок түзүү мүмкүндүгү кеп болуп, бирок Руаял буга макул болбой койгон эле.Эми ал ошо чечиминен айнып, Байруга жана анын партиялаштарына болочоктогу өкмөттөн орчундуу орундарды сунуш кылышы да ажеп эмес.“Бүгүн мен социалисттерге эле тиешелүү эмесмин, бардык солчулдарды жана экологиялык кыймылдын тарапкерлерин бириктирип,алгалашым керек,атүгүл андан да ары барышым керек”,- деп айтты Руаял кечээ шайлоонун биринчи айлампасынан кийин.
Николя Саркози да орточул жана улутчул электоратка үмүт байлап жатат. Шайлоонун биринчи айлампасын ал француз демократиясынын жеңиши деп баалады. Саркозинин айтымында,аны - биринчи, Руаял айымды - экинчи орунга коюп, шайлоочулар өлкөнү өнүктүрүү боюнча эки позициянын ортосундагы талашты тамам кылгысы келерин билдиришти. Саркози идеялардын бул талашында тегине,көз карашына карабастан бардык француздарды ага колдоо көрсөтүүгө чакырды жана олуттуу реформаларды өткөрүүгө убада берди.
Жергиликтүү байкоочулар Руаялдын талуу жери деп анын саясий иштерге такшала электигин аташса, Саркозинин проблемасы – анын мүнөзүндө дешет. Саркози 2005-жылдагы тополоңдо иммигранттардин кычыгына тийип алган. Руаялга болсо жеңиш үчүн сол канаттагы электораттын саны жетпей калышы ыктымал,алардын баары биригип жалпы шайлоочулардын 40 процентке жакынын түзөт.
Жекшембиде өлкөдө катталган 44,5 миллион шайлоочунун 86 процентке жакыны добуш беришти.
Ошол эле күнкү коомдук пикирдин көрсөткүчтөрүнө таянып,эксперттер экинчи айлампада Саркози шайлоочулардын 54 процент добушун алышы ыктымал дешет. 2-майда эки атаандаш ачык телетаймаш өткөрүшөт,анын натыйжасы шайлоочуларга кандай таасир тийгизе алат – муну 6-майдагы добуштардын санагы көрсөтөт.