Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельцин, Кремль кабарлагандай, ден-соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында 23-апрель күнү дүйнө салды. 1931-жылы Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн Ельцин бир кезде кубаты зор Советтер Союзун кулаткан окуялар маалында чоң саясатчы болуп чыга келген. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Ельцин өзү туулган Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы ал кездеги ЦК КП төрагасы Михаил Горбачевдун колдоосу астында Москвага алынып келинген. Москва шаардык компартия башчысы болуп туруп, 1987-жылы компартиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган.
Бирок 1990-жылдын май айында Орусиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланып, андан бир ай өтүп-өтпөй СССРдин алкагында Орусия көз карандысыздыгын жарыялаган. Кийинки айда Ельцин компартиядан чыгып, бир жылдан кийин ал Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Борис Ельцин көпчүлүктүн эсинде 1991-жылдын август айында Советтер Союзун кайра тирилтмекчи болгон “ПУТЧ” деген атка конгон төңкөрүштү жеңип, Кызыл аянтта танктын үстүнө туруп алып айткандары тарыхка кирип калды.
- Дүйнө лидерлеринин басымдуу бөлүгү кечээ, өткөн түнү жана бүгүн эртең менен телефон чалып, Орусияга, силерге, бардык мекендештериңерге демократияны, биримдикти, тынчтыкты сактап калганыңар үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз деп жатышат.
Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталды. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин азыркы президент Путинге өткөрүп берип баса берген Ельцин: Бүгүн мен силерге акыркы жолу Орусиянын президенти катары кайрылып жатам. Мен чечим кабыл алдым. Ага узак жана татаал ойлордон кийин бардым. Үстүюүздөгү кылымдын акыркы күнү мен кызматымдан кетип жатам",-деген болчу.
Ушинтип 1999-жылдын акыркы күнү бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген Ельцин андан бери Москванын четиндеги мамлекеттик дачада бейкапар жашоо сүрүп келген. Ал көптөн бери жүрөк оорусунан жабыр тартып, татаал операция да жасаткан эле. Ельцин башкарган жылдар Орусия тарыхындагы эң татаал, опуртал учурлардын бири болгону алгачкы президент көз жумган соң анык сезиле түшкөнсүдү.