Маңзаттарын көзөмөлдөө агенттигинин кызматкери Бакыт Каримовдун баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүнө нааразы болуп буга чейин аты аталган адам тарабынан кылмышка шектүү деп кармалгандардын туугандары жана жакындары чыгышты. Жакында 200 грамм героин менен кармалды деп шектелип тергөө абагында отурган милиция кызматкери Бахран Инаятовдун агасы Абдуваит Эшматов Бакыт Каримовдун абактан чыгарылышын адилетсиздик катары баалады:
- Каримов Бакыт деген жигит агенттикте иштейт экен. Ошол бала 5-6 бей күнөө жигиттерди шантаж кылып каматып койгон. Ошого протест кылып прокуратурага келдик. 2-3 күн мурун телевидениеден көрсөттү 2 кг. героин менен колго түшүп, Араван СИЗОсуна камалган. 2-3 күндөн кийин эле прокурор санкция бербей чыгарып жиберген, - деди Абдуваит Эшматов.
Ал эми Ош облусунун прокурорунун орунбасары Фархат Кайдуллаев болсо Бакыт Каримовдун баш коргоо чарасы Исхак Масалиев, Улукбек Ормонов жана Арсланбек Малиев баштаган депутаттар тобунун өтүнүч катынын кепилдигинин негизинде өзгөртүлгөндүгүн белгилеп, прокуратура мыйзам чегинде иш алып баргандыгын эскертти:
- Кармоодон баш тартуу талапка ылайык деп токтом кылдым. Бактыбек Каримов баш коргоо чарасы катарында камакта кармоодон баш тартылсын, үй камакта кармалсын, ал үйдөн чыгышка акысы жок. Бактыбек Каримовго эркин жүрүүсүнө чек коюлсун, же кат кабар алуудан жана турак-жайын таштап кетүүгө жана тергөөчүнүн уруксатысыз аймактын чегинен чыгууга тыюу салынсын, - дейт облус прокурорунун орунбасары Фархад Кайдуллаев.
Колдоруна “АКН наркомафия. Кылмышкерди калкалаган депутаттар качан жоголот? Адилеттик кайда?” деген ураандарды көтөрүп турушкан пикетчилер маңзатын көзөмөлдөө агенттигинин кызматкери Бакыт Каримов бошотула турган болсо, маңзатын сатууга аракеттенген деп шектелген ушундай эпизоддогу 6 адамды да абактан бошотууну талап кылган кайрылуу катын прокуратурага жолдоп, андан соң таркап кетишти.