1996-жылдын 5-ноябрында Ельциндин жүрөгүнө операция жасалган, сегиз жарым жыл Орусияны башкаргандан кийин, 1999-жылдын акыркы күнүндө ал президенттик кызматтан баш тартып, бийликти Владимир Путинге өткөрүп берген.
Борис Ельциндин бийлиги учурунда болгон окуялар жөнүндө ар башка пикирлер айтылууда жана айтылат, бирок СССР чачырагандан кийин пайда болгон мурдагы советтик жумурияттардын эгемендүүлүгүн чыңдоо ишине анын кошкон салымы өтө зор.
Ал тууралуу Молдованын мурдагы президенти Петру Лучински минтип билдирет: "Молдова сыяктуу өтө чоң эмес мамлекеттер үчүн анын мааниси өтө чоң болгон, мурдагы СССРде жашаган улуттук кыймылдарды ал такай колдоп келген жана андай улуттук маселелерди жакшы түшүнчү", - дейт Лучински.
Батыш мамлекеттери менен Маскөө ортосунда дагы Ельциндин учурунда орчундуу маселе же тирешүү чыккан эмес. Ал тууралуу Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана минтип эскерет: "Анын узакка уланган бийлиги учурунда Ельцин менен мен көп жолу жолуктум, бирок эки учурду өзгөчө эстейм, алар менин өмүрүмө зор таасир тийгизди. Биринчи андай жолугушуу - 1991-жылдын жайында болду жана ал кезде Ельцин - Горбачевко каршы уюштурулган путчту басууга өзгөчө салым кошту. Экинчи андай жолугушуу 1997-жылы болду, анда биз экөөбүз - Орусия менен НАТО уюму ортосундагы кызматташуу келишимине кол койдук", - дейт Солана.
Бирок дал ушул эки окуя - мурдагы советтик жумурияттардын эгемендүүлүккө жеткени жана Маскөө Батыш менен жакын ымалада болгонун Орусиянын кээ бир саясатчылары менен орус калкынын айрым катмарлары жактырбайт жана биринчи президентти кээде чыккынчы деп да атайт.
Орусиянын Экономика боюнча бийик мектебинин илимий жетекчиси, Ельциндин учурунда экономика министри болуп иштеген Евгений Ясиндин пикиринде, акыр-аягында Ельцин тарыхтагы туура ордун табат: "Менин оюмча, аны айрымдар бир кыйла убакка чейин терс мааниде эскерет, бирок кийин баары бир анын маанисин туура түшүнөт. Тарыхчылар менен кийинки муундар анын жасаган ишине туура баа берип, ага ылайык орун табат", - дейт Ясин.
Ельцин менен кошо СССРди чачыраткан Украинанын мурдагы президенти Леонид Кравчуктун айтымында болсо, Ельциндин учуру өзгөчө заман болгон: "Ал өзүнчө эле жаңы эпоха болгон. Анын өмүрү, анын иши Орусия үчүн, Украина үчүн, бардык мурдагы советтик жумурияттар үчүн жаңы замандын ачылышы болгон. Ал замандагы Ельциндин орду үчүн сыймыктанса болот", - дейт Леонид Кравчук.