Ирактын Самарра шаарындагы Алтын мечитте былтыр февралда болгон жардыруудан кийин өлкөдө диний аралык кагылышуулар күчөдү жана айрым байкоочулар аны кээде ич-ара согуш деп да атайт. Андай кагылышуулар өтө көп болгон шаарлардын бири - борбор калаа Багдад. Ошондуктан америкалык аскерий жетекчилик шаардын айрым аймактарынын айланасында бетон дубал тургузууну чечти.
Биринчи андай корголгон аймак - негизинен суннилер жашаган ал-Азамия деген аймак болмокчу, анын айланасындагы короону америкалык аскерлер 10-апрелде кура баштады жана курулуш айдын аягында бүтүш керек, андан кийин - суннилер жашаган ал-Амирия жана эл-Хадра деген аймактар, андан соң суннилер да, шийилер да жашаган Батыш жана Чыгыш эр-Рашид деген аймактар дагы курчалат.
Анткен менен жергиликтүү тургундар андай курулушка каршы чыгууда, эл аны - Израил өкмөтү Палестинада куруп жаткан дубал менен салыштырып, аны менен Багдад калкы экиге ого бетер бөлүнүп-обочолонот деп коркууда.
Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики болсо жекшемби күнү Каир шаарында Араб лигасынын баш катчысы Амр Муса менен жолуккандан кийин - дубал курууну ал токтотууну суранганын билдирди: "Араб тараптын көз карашынан алганда жана чындыгында, андай дубалдын тургузулушуна мен каршы болчумун жана курулуш токтотулууга тийиш. Жалпысынан алганда, андай коргондор - элди бир-биринен обочолонтуу үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылуу масаты менен курулууда. Бирок менин коркконум - андай короо тургузулгандан кийин башка дубалдар да курулуп кетиши мүмкүн, биз болсо ага каршыбыз. Ошондуктан мен ишемби күнү курулушту токтотууну сурадым жана Азамия сыяктуу аймактарды коргоо үчүн башка чаралар табылууга тийиш", - деди премьер.
Ирактагы АКШнын жаңы элчиси болуп дайындалган Райян Кроккердин айтымында дагы, негизги максат - коопсуздукту камсыз кылуу: "Шаар калкын биз дубалдар менен бөлүп салууну көздөгөн жокпуз. Маселе - ирактыктар менен бирге биз элдин коопсуздугун камсыз кылуунун ар башка ыкмаларын издеп жатабыз, кагылышууларды биз кандай болбосун жол менен азайтыш керекпиз жана эң негизгиси - элдин коопсуздугун камсыз кылуу деген эң маанилүү маселени чечүүгө тийишпиз", - дейт элчи.
Ирактын өкмөттүк күчтөрүнүн өкүлү генерал Кассым Аттанын пикиринде болсо, бул дубалдын айланасындагы маселени журналисттер жана маалымат каражаттары өтө эле курчутуп жиберди. Бирок Багдаддын Адхамия деген аймагында өткөрүлгөн элдик сурамжылоо көрсөткөндөй, андай дубалдардын курулушуна суралгандардын 90 пайызы каршы. Ал тууралуу Адхамия аймагынын Кеңешинин төрагасынын орун басары Дауд ал-Азами 22-апрелде билдирди.