Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ: ЭРКИН ГЕЗИТТЕРДИ ЧЫГАРБАЙ КОЮП ТЕРГӨӨЧҮ АША ЧААП КЕТКЕН


20-апрелге караган түнү Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан “Агым”, “Кыргыз руху”, “Апта” өңдүү басылмалардын 20-апрелде чыгуучу нускалары камакка алынган эле. Булардын ичинен “Агым” гезити убактылуу чыкпай турууну чечти. Гезит өкүлдөрүнүн кечээги билдирүүлөрүнө караганда өткөн жума күнкү окуяга байланыштуу мыйзамдык териштирүүлөр аяктаганча редакция басылманы чыгарбай турууну чечкен. Балким басылма бул окуя боюнча сотко кайрылуусу да мүмкүн. Ал эми биз менен ушул маселе боюнча Медиаөкүл институтунун директору Илим Карыпбеков ой бөлүштү.

- Сиздер өткөн аптада нускалары камакка алынган басылмалар менен иштешип жатасыздарбы? Ошол чечимдин укуктук жагы канчалык негиздүү экен?

- Иштешип жатабыз. Он тогузунан жыйырманчы апрелге караган түнү таң атканда барып Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү көз карандысыз уюмга барып, ошол жерден выемка деген шылтоо менен башаламандыкка күнөөсү бар деген сыяктуу кылып, бир канча гезиттерди алып, алардын жарыкка чыгуусуна тыюу салып койгондугу белгилүү. Ошондой болгондон кийин биз Медиаөкүл институту өкмөткө, президентке, башкы прокурорго кайрылдык эле. Себеби ошол учурда бул мыйзамсыз түрдө болгон. Эч кандай санкция жок, эч кандай кылмыш иши козголгон эмес, жөн гана тергөөчү келип туруп алып кеткен. Бул мыйзамды одоно бузгандык болот. Бул жөнүндө биз кайрылганбыз.

Ал эми азыркы учурда көрүп атасыздар, анын эртеси күнү, азыркы учурларга чейин аянтта болуп аткан окуяларды чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын барынан шылтоо кылып ушундай материалдарды алып жатышат.

- Демек гезиттер алынган учурда басылмаларга кандайдыр бир кагаз жүзүндө негиздеме берилген эмеспи?

- Жок, ошол учурда негиз берилген эмес. Эми болсо биз кайрылуу жасагандан кийин гезиттер жарыкка чыккандан коркуп отурушат. Жарыкка чыкпай атышат. Себеби өзүңүздөр билесиздер, бизде жалпыга маалымдоо каражаттар өтө эле кедей болуп келишет, алар кирешеге иштешпейт. Ар бир чыкпай калган саны аларга абдан чоң материалдык зыян алып келип атат. Ошондуктан дагы бир жолу биз уюмга кайрылсак, дагы бир жолу тыюу салып койсо, биз таптакыр эле жоголуп кетебиз деген коркунучта бир дагы гезит чыкпай отурат.

- Бул көрүнүш өнөкөткө айланып кетпеши үчүн журналисттер коомчулугу кандай чара көрүшү керек?

- 2-3 гезитти бир четинен журналисттер коомчулугуна жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешеси барлар, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары биригип ушул гезиттердин укугун коргоп калышыбыз керек. Себеби гезиттердин укугун коргоп калуу деген бул Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоп калуу деген сөздү билдирмекчи. Мындан тышкары сөзсүз түрдө биздин бийлик жана укук коргоо органдары тез аранын ичинде ушундай башаламандыкты, мыйзам бузууну токтотпосо, анда биз эл аралык коомчулукка демократиялык мамлекет эмес авторитардык мамлекет экенибизди түзмө-түз көрсөтүп коёбуз деп ойлом.

- Кечээ дагы бир маалымат болду, Башкы прокуратура бардык телеканалдардан 11-19-апрелдердин аралыгында видеоматериалдардын көчүрмөсүн алып жатат деген. Телеканалдар журналисттик материалдардын берүүгө милдеттүүбү?

- Ушул мыйзамды жакшылап карап келдик. Башкы прокуратура суроого укугу бар экен, бирок ошол телеберүүлөр деле бербей коюуга укугу бар, милдеттүү эмес. Бирок Баш прокуратура жарыкка чыккан материалдарды гана сурап жатат. Демек телеберүүлөр материалдарды бере берсе бул сөз эркиндигине тоскоолдук болбойт деп ойлойм.

- Ырахмат.
XS
SM
MD
LG