Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

МОСКВАДА ОРУС ЖАНА ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ СҮЙЛӨШҮШТҮ


Төрөкул Дооров, Москва Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов дүйшөмбү-шейшемби күндөрү Орусияда иш-сапары менен болду. Ал орус президенти Владимир Путин менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Аларда негизги көңүл Түркмөнстан менен Орусиянын отун энергетикалык кызматташтык жаатындагы алакаларына бурулганы кабарланууда.

Гурбангулы Бердымухаммедов түркмөн президенти катары Орусияга алгачкы ирет келип олтурат. Ал Түркмөнстандын буга чейинки мамлекет башчысы Сапармурат Ниязов быйыл дүйнөдөн кайткандан кийин президенттикке келген.

Москвада жаңы түркмөн президентин жылуу кабыл алышты. Президент В.Путин дүйшөмбү күнү Бердымухаммедов менен өзүнүн шаардан сырт жактагы резиденциясында бейформал жолугушту. Келерки күнү В.Путин менен Г.Бердымухаммедовдун сүйлөшүүлөрү Кремлде өттү.

Орус президенти В.Путиндин айтымында, орус-түркмөн алакалары соңку жылдары мамлекеттик деңгээлде жакшы өнүгө баштаган. Путин мында өзгөчө экономикалык алакаларга токтолду.

- Албетте, биздин сүйлөшүүлөрдө дайыма мунай-газ тармагындагы маселелер башкы тема бойдон калууда. Биз дүйшөмбү күнү Түркмөнстандын президенти менен бүгүнкү жолугушуу жана мунай-газ жаатында кызматташууга боло турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу сүйлөштүк, - деди орус президенти Владимир Путин.

Эки тараптуу алакалар жакшы өнүгүп жатканын түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов да белгиледи. Бул – Бердымухаммедов менен Путиндин алгачкы жолугушуусу, андыктан түркмөн президенти мындан ары Орусия менен анын жетекчилигиндеги Түркмөнстан ортосунда кызматташтык өнүгүшүнө кызыкдар деген ыкласын билдирди.

- Мындан ары сиздер менен баардык алакаларда кызматташууну бекемдеш үчүн алыш-беришти күчөтсөк демекчимин. Сиз өзүңүз да азыр эле айтып кеткендей, эң оболу, түркмөн газын реализациялоо жаатындагы иштерди жакшы жолго койсок дейбиз. Биз бул боюнча кечээ сиз менен кеңири сүйлөштүк, сиз аябай жакшы сунуштарыңызды айттыңыз. Менимче, биз мындан ары ошол сунуштар менен иштейбиз, - деди Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстан менен Орусия ортосунда газ жаатындагы кызматташтыкты бекемдеген келишим 2003-жылы кабыл алынган. Былтыр Түркмөнстандын буга чейинки президенти Сапармурат Ниязов ал келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишти. Ага ылайык, Орусия түркмөн газынын ар бир миң куб.метрин мурдагыдай 46 доллардан эмес, 100 АКШ долларынан сатып ала турган болгон. Бул келишим 2028-жылга чейин иштейт деп кабыл алынган болчу. Бирок быйыл түркмөнбашы Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткандан кийин, Москва эми ошол келишимдеги талаптарды жаңы түрмөн бийликтери карманышабы-жокпу деп камтамачылык билдире баштады. Түркмөн бийликтери бул жолу да 2003-жылкы келишимдеги милдеттеринен баш тартпай тургандыктарын билдиришти.

«Түркмөнстан жаңы президенттин жетекчилигинде тышкы алакаларын ким менен өнүктүрүүнү каалайт?» деген суроо азыр дүйнөдө көпчүлүктү ойго салып жаткандай. Орусиялык көз-карандысыз эксперт Артем Улуняндын ишениминде, Түркмөнстан азыр көп багыттуу саясатты карманып турат.

- Бердымухаммедовдун чет мамлекетке алгачкы жолку сапары Сауд Арапстанга жасалды жана бул символикалуу сапар болду. Муну менен ал Түркмөнстан чыгыш баалуулуктарына, байланыштарына бекем турганын белгилегиси келди. Ал эми экинчи визит Орусияга жасалып жатканы Түркмөнстан постсоветтик багытта да кызматташтыкка кызыкдар экенин көрсөтөт, - деген Артем Улуньян, Түркмөн президенти Орусиядан кийин эми Батышка барып келээрин деле жокко чыгарган жок.

XS
SM
MD
LG