Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

ЕС-РОССИЯ: АЛАКАЛАР КАТКАЛАҢДАП БАРАТАТ


Эмдиги айга Волга боюндагы Самара шаарында Евросоюз менен Россиянын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болмок. Бирок брюсселдик мартабалуу чиновниктер Польшанын ветосунан улам Евросоюз менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүк тууралуу пландары кыйчалыштап кетиши ыктымал дешет. Анын үстүнө орус тышкы иштер министри менен союздун ырасмий өкүлдөрү Люксембургда өткөргөн жолугушууда тараптардын талашы бир кыйла терең экени байкалды.

Россия Польшадан эт сатып алгандан баш тарткан эле. Москва өз позициясын өзгөртпөгөнүнө өкүнүч билдирип, Евросоюз лидерлеринин бири Бенита Ферреро-Вальднер бу проблеманы чечүүнүн акыркы мүмкүндүгү эми 18-майга белгиленген саммитте калганын белгилеп, жолугушууда өнөктөштүк маселесинин ордуна эт чатагын талкуулаганга туура келерин эскертти. Польша Москва өз чечимин өзгөртпөсө, Евросоюз менен Россия ортосунда түзүлө турган келишимге вето саларын айтып келатат. Евросоюздун тышкы саясатынын координатору Хавер Солана болсо Люксембургда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң эки тарап жаңы келишим түзүү үчүн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү баштаганга дале үмүт барлыгын, бу Евросоюздун максаты экенин, ал ошондой эле Россиянын да максаты экенине ишенерин билгизди.

Өткөн дем алыш күндөрү эки тараптын эксперттери Кипрде жолугуп,Варшаванын талабын талкуулашты,бирок орток пикирге келе алышкан жок. Россия Польша экспортко чыгарган эт тамак-аш азыктарынын коопсуздук стандарттарына төп келбейт десе, Варшава муну Москванын саясий жүйөөдөгү шылтоосундай көрөт.

Евросоюз менен Россиянын ортосунда азыр кызматташтык жана өнөктөштүк келишими бар, эгер ким бирөө андан чыгуу ниетин билдирбесе,анын мөөнөтү автоматтык түрдө узарат. Бирок эки тарап стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим түзүүнү көздөшкөн эле. Эгер бу маселе боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураса,ортодо алакалар кыйындайт.

Ансыз деле соңку кездери Евросоюз менен Россиянын мамилелери каткалаң тартып баратканы байкалат. Союздун ушу туштагы төрагасы Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмейер мындан он күн мурда Москвадагы жана Санкт-Петербугдагы оппозициялык демонстрацияларга каршы күч колдонулганы Евросоюз өлкөлөрүндө сынга алынганын эске салып,ошол эле учурда россиялык коопсуздук күчтөрү митингдерди,балким, өтө эле кескин кабыл алышкан болушу да мүмкүн деп кошумчалады.

Орус коргоо министри Сергей Лавров буга: “Менимче, Штайнмайер эркиндик баарыдан мурда мыйзамга баш ийүү экенин айтты. Ар кандай нормалдуу өлкөдө,анын ичинде Россияда да жарандардын конституциялык укуктарын, жыйын же митинг өткөрүү шарттарын аныктаган мыйзамдар менен эрежелер бар, баары ошого ылайык ишке ашырылышы абзел”, - деп жооп берди. Лавров буга кошумчалап, мыйзам чегинен чыкканда Европанын өзүндө деле ар кандай демонстрацияны теске салганга туура келип жатканын эске салды.

XS
SM
MD
LG