Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

ЧЫГЫШ ЕВРОПАДА АНТИРАКЕТАЛЫК АМЕРИКАЛЫК СИСТЕМАНЫН ПАЙДА БОЛУШУ МАСКӨӨГӨ ЖАКПАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ коргоо министри Роберт Гейтс 24-апрелде Маскөөдөн Варшавага келди. Польша жетекчилери менен жана андан соң Алманияга барганда немис адистери менен Пентагондун башчысы - Чыгыш Европада ракетадан коргонуу боюнча америкалык система орнотуу пландарын талкуулайт.

АКШнын планы боюнча, Чехиянын аймагында радар, ал эми Польшанын аймагында - ракеталарды атып түшүрө ала турган он ракета орнотулууга тийиш. Алар - америкалык антиракеталык системанын бөлүгү жана Иран же Түндүк Корея сыяктуу мамлекеттерден АКШга же Европага атылган ракеталардан коргонуу үчүн керек.

Америкалык план тууралуу белгилүү болоору менен, ага Маскөө дароо каршы чыкты, анын айтымында. Европага жете ала тургандай Ирандын ракеталары жок, ошондуктан мындай система - Орусияга каршы колдонулушу мүмкүн. Айрым Европалык мамлекеттердин айтымында, Орусиянын чек арасынан алыс эмес жерде жайгаштырыла турган мындай система жөнүндө алгач Маскөө менен сүйлөшүш керек болчу.

Ошондуктан АКШ коргоо министри Роберт Гейтс 23-24-апрелде Маскөөгө келип, орус жетекчилери менен жолукту. Анын айтымында, Европага жете ала турган ракеталар Ирандын колунда азырынча чындап эле жок, бирок 10 же 20 жылдан кийин эмне болоорун айтуу кыйын. Андан тышкары, мындай системалар Орусиянын өзүн коргоо үчүн дагы пайдалуу болот, анын айрым бөлүктөрүн Орусиянын аймагында орнотсо болот. Гейтс орус адистерин - Аляска жана Калифорния штаттарында жайгашкан антиракеталык системалар менен таанышыш үчүн АКШга келип кетүүгө чакырды.

Орусиянын аскерий башкы ордосунун жетекчиси генерал Юрий Балуевскийдин айтымында, Чыгыш Европада орнотула турган системалардын максатын америкалык министр жакшылыктуу түшнүдүрүп бере алган жок. Маскөө болсо акыркы бир нече жылда Европа мамлекеттери менен кызматташып, бирдиктүү антиракеталык система кура баштаган жана эми Чехия менен Польша америкалык системага өтсө, ал иштин баары жокко чыгат.

Орус коргоо министри Анатолий Сердюковдун айтымында болсо, эгер келечекте Иран тараптан атылган ракеталар атып түшүрүлсө, анын өзү Орусия үчүн бир топ коркунучтуу болот: "Өзөктүк дүрмөтү жок баллистикалык ракеталарды пайдалануу пландарын АКШ менен талкуулоо биз үчүн өтө маанилүү. Бул маселе бизди бир топ тынчсыздандырат, анткени андай ракетелар колдонулса, алар Орусиянын чек арасына өтө жакын учурулат", - дейт орус министри.

24-апрелде Варшавага келип, Гейтс Польшанын коргоо министри Александр Щигло менен жолукту жана коргонуу маселелереинде 10-20 жыл алдыга караш керек деп дагы бип жолу кайталады. Польша менен Чехиянын өкмөттөрү өз аймактарында америкалык антиракеталык системаларды орнотууга даяр, бирок эл арасында ага каршылык бар.

Ошол эле 24-апрелде Прага шаарына АКШнын Ракетадан коргонуу агенттигинин башчысы Генри Оберинг келип, чех жетекчилери менен жолугуп кетти. Анын айтымында дагы, бул антиракеталык система - Ирандан келечекте мүмкүн боло турган коркунучтан бүткүл Европаны коргоо үчүн керек.

XS
SM
MD
LG