Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

ГЕНЕРАЛ ЖУМАБЕК АСАНКУЛОВДУН СӨӨГҮ МОСКВАГА КОЮЛДУ


Учурунда өлкөнүн коопсуздук комитетин көп жыл башкарган, генерал- лейтенант Жумабек Асанкулов 21- апрелде узакка созулган оорудан кийин Москвада дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү 23- апрелде Москва шаарында коюлду.

Советтер курамында, андан кийинки эгемендүүлүккө ээ болгон мамлекеттерде деле далайдын үшүн алып турган коопсуздук комитетинде Жумабек Асанкулов 45 жыл кызмат өтөгөн. Ал эки ирет Кыргызстандын КБГсынын төрагасы болуп, эки жолу кызматтан алынган. Биринчисинде совет доорунда Москванын буйругун аткарбаган улутчул катары төрагалыктан кетсе, экинчисинде ГКПЧны, мамлекеттик төңкөрүштү колдогону үчүн Аскар Акаев кызматтан түшүргөн.

Замандаштарынын айтымында эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында ал демократиялык башталыштарга бут тоскон эмес. Жумабек Асанкулов менен бирге иштеген шакирти, өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдакы орун басары Алик Орозовдун пикиринде Борбор Азиядагы куугунтукталган демократиялык күчтөрдүн кеңселери Бишкекте жайгашып, биринчи курултайы да өткөрүлгөн.

Дагы бир мисал, турак үйлөрү жок жаштар аргасыздан жер басып алып “баскынчы” аталганда таламдарын колдоп, аларды куугунтукка алдырбай кеп- кенеш айтып турганы үчүн мамлекеттик коопсуздук комитетинин ошол учурдагы төрагасы Жумабек Асанкуловдун калыстыгын азыркыга чейин үй куруучулар айтып жүрүшөт.

Жогорку кеңештин депутаты Кубатбек Байболов да учурунда КГБнын жетекчиси Жумабек Асанкулов менен бирге иштеген. “Ал совет доорунда Москванын буйругун аткарбай койгону үчүн республиканын мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынан алынган айтып, чыныгы кесипкөй эле” дейт.

- Ошентсе да өлкөнун коопсуздук тармагындагы кесипкөй кадрларды даярдоодогу эмгегин учурдагы бийлик баалаган жок. Ушул жылдын 20-февралында 80 жашка толсо да көзү тирүүсүндө ал тууралуу жетекчилер, улуттук коопсуздук комитети ооз ачып да койгонго да жарабады,-дейт парламент депутаты Кубатбек Байболов.

Мамлекеттик коопсуздук тармагында кызмат өтөгөн жылдарында Жумабек Асанкулов Фрунзе шаардык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкеринен республиканын мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагалыгына чейинки жолду басып өткөн.

Он бир жыл Москвада Юрий Андропов атындагы КГБнын жогорку окуу жайында улук окутуучусу болуп иштеген. КГБнын төрагалык кызматынан кеткенден кийин деле өлкөнүн коргоо министрлигинин аскердик чалгындоосунун жетекчиси болуп кызмат өтөгөн. 2001-2002-жылдарда өлкөнүн премьер-министринин кеңешчиси да болгон.

Генерал–лейтенант Жумабек Асанкуловдун сөөгү 23-апрелде Москва шаарына коюлду. Себеби уул-кызы Москвада жашагандыктан ушундай чечимге келишкен.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG