Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

КАРЫБЕК БАЙБОСУН: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА ӨНӨКТҮГҮ КАЙРАДАН НӨЛГӨ ТҮШТҮ


«Азаттыктын» таңкы уктурууларындагы маектеши саясат таануучу Карыбек Байбосунов болду.

- 19-апрелде оппозициянын митинги таратылгандан бери оппозиция өкүлдөрүнө жасалып жаткан мамиледен улам коомчулукта репрессия, саясий куугунтук деген кеп-сөздөр жүрүп жатат. Бийлик албетте мындай мүнөздөмөлөр менен макул эмес, өз кадамдарын мыйзамдуулук орнотуу аракети деп түшүндүрүүдө. Бул Кыргызстанда соңку 15 жылдык тарыхта кез-кези менен кайталанып келген көрүнүштөрдүн бири, мындан арылууга болобу?

- Албетте, бизде туруктуулукка карай жол эми башталды окшойт. Себеби бизге мамлекеттүүлүгүбүз кайсы бир адамдардын саясий амбициясынан кымбат турат. Азыркы биздин түшүнүгүбүздө колдо турган алтындын баркы жок болуп атат окшойт. Себеби Кыргызстанда өнүгүүнүн бардык ресурстары бар. Ошолорду толук мобилизация кылгандын ордуна кайра чагымдашып бири-бирибизге туура эмес мамиле кылып аткандай көрүнүп атат. Анын үстүнө президенттин тегерегинде артты карай тарткан адамдар 2005-жылдагы революциянын шарданында келип алышкан дагы, Бакиевге жардам бермек түгүл кайра алдын, артын тороп, колун байлап атышат. Ага 2 жылдан бери бир дагы мүнөт эркин иштөөгө мүмкүндүк беришкен жок. Кадр саясаты боюнча аксагандан-аксап, мамлекет башкаруу мүчүлүштүктөргө жык толуп кетти.

Ошондуктан биздин оюбузча үчүнчү тарап келиш керек болуп атат. Бул бийлик, анан оппозиция келечектеги жаңы кадрларга көпүрө болуп берип, 2010-жылы башкача жаңы кадрлардын, жаңы концепциясынын башаты болуш керек болуп атат. Азыркы бийликтин гана эмес, оппозициянын дагы алган багыты куру кыйкырык, ачуу сүрөөн менен бийликке келем деп авантюра жолуна түшүп алышты. Биздин оюбузча Кыргызстанга 2020-2035-жылдарга чейинки өнүгүү программасы аба менен суудай керек болуп атат. Ушуга барыбыз катышып, анан Конституциянын 50-60 долбоорун ар ким каалагандай жаза бербей, бир программанын тегерегинде иштешибиз керек болуп атат.

- 19-апрелдеги митингдерден кийинки камоолор мыйзамдуулук орнотуу деген жүйө менен болсо да суракка чакыруулар, кырдаалдын турукташына жардам береби?

- Суракка чакырылгандары юридикалык маселе болсо керек. Айрым түшүнүксүз, күдүк суроолор болуп аткан болуш керек. Ушул иштин кереги бар беле, эмне максатыңар бар эле, артыңарда ким турат, ким спонсор, канча акча алдыңар, мынча элди кантип чогулттуңар деген суроону берип атат болуш керек менин оюмча. Андан кийин булардын жүрүш-турушу кандай болот аны алдан-ала болжоп айтыш кыйын. Албетте эки тарап бирин-бири күнөөлөп аткандыгы бул Кыргызстандагы бийликтин системасындагы стратегиянын жоктугунан болуп атат болуш керек.

- Конституциялык реформа кайра кечеңдеп күзгө жылып кетпейби?

- Конституциялык реформа кечеңдейт, күзгө жылат. Себеби чала-чийки Конституция менен чыга калып, сороктоп, жаңы Конституцияны сезон сайын алмаштыра берген болбойт го дейм. Менин оюмча конституциялык реформа деген компания кайра нөлгө түштү, 2005-жылдагы старттык позиция кайра чегинди. Ким утту? Мындан эч ким уткан жок. Мындай темп менен жылып отурсак дагы 1-2-жыл Конституциялык реформа деген оюнчук менен ойной берип, анан жаман текстти кучактап отуруп калышыбыз мүмкүн. Андан көрө ырааттуулук менен программалуу иштеп, Конституциянын бир концепциясын сунуштап алып, анан негизги текстти жазып, анан аны Конституциялык соттун экспертизасынан өткөрүп, анан кийин кылымдарга жарай турган вариантты салтанаттуу кабыл алсак барыбыз эле утмакпыз.

- Мындан ары өз аракетин жүргүзүүдө бийлик менен оппозицияда бир өтпөй турган кызыл сызыктар болуш керекпи. Мага эки жактын тең аракетинде ошондой нерсе жоктой сезилип жатат?

- Булардын кызыкчылыгы бийлик жана акча талаш болуп атат окшойт. Жалпы мамлекеттик кызыкчылыкка келиш үчүн жалпы мамлекеттик идеология келиши керек эле. Ошону табыша албай амбицияга алдырып жиберип атышат. Жанагы айтып аткан 2020-2035-жылдарга чейин жалпы концепцияны алып, ошонун тегерегинде кеп кылсак жалпы мамлекеттик сөз болот эле дагы жанагыдай ыргылжын талаш-тартыштар болбос эле.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG