«Либералдык платформага» саясат таануучу Зайнидин Курманов, «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев өңдүү коомдук ишмерлер жана жаштардын “Эркин муун” бирикмеси кирди. Платформа өлкөдөгү акыркы окуялардын жүрүшүнө тынчсызданып, президентке ачык кайрылуу жасашты. 19-апрелден соң оппозицияда жүргөн адамдарды суракка алуу, камоо, оппозициялык басылмалардын нускасын тартып алуу сыяктуу көрүнүштөр Кыргызстандын демократиялык жетишкендиктерине доо кетирерин баса белгилеген платформа, президентти тез арада конституциялык реформаларды жүргүзүүгө чакырды. “Либералдык платформанын” мүчөсү, белгилүү саясат талдоочу Зайнидин Курманов, платформанын негизги максаттары тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
- “Либералдык платформанын” эң негизги чоң багыты, баалуулугу бул – адамдын укугу. Эмне болсо дагы адамдын укугу бузулбашы керек. Бардыгы мыйзам жолунда болушу керек. Ошондуктан 19-апрелде болгон окуя укук коргоо органдарын “эйфорияга” салбашы керек. Учурдан пайдаланып оппозициянын адамдарын жоготконго аракет жасабашы керек.
Ошондой эле Зайнидин Курмановдун ырасташынча, өнүккөн, демократиялуу мамлекет болуш үчүн Кыргызстандын жаңы, жаш, билимдүү, учурдагы эскирип бүткөн бийлик системасына аралашпаган таза кадрларга муктаждыгы бар:
- Азыр болсо бизде мындай болуп атат. Мамлекеттик кызматка келиш үчүн “аппаратта иштеген тажрыйбаң барбы” деп сурашат. “Ооба, тажрыйбам бар” десең алат экен. Менин оюмча азыркы ошол алып аткан ушул тажрыйбалар жаңы саясатта кереги жок. Ошондой тажрыйбаны кайра билбегенибиз жакшы.
Бийлик өкүлдөрү өз кезегинде олуттуу реформаларга кадам ташталганын, 19-апрелде болуп өткөн окуяга байланыштуу күч органдарынын иш-аракеттери мыйзамдуу экендигин айтышууда. Адилет министри Марат Кайыповдун ырасташынча, азыркы тапта демократиялык жетишкендиктерге коркунуч туулуп жатат дешке эч кандай негиз жок. Анткени, президент өлкөнүн башкаруу системасын өнүккөн демократиялык өлколөрүндөгүдөй кылып өзгөртүүгө кадам таштады. Муну, баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдөн эле байкаса болот:
- Акаевдин тушундагы конституция менен азыркы конституциянын айырмасы: Акаевдин тушунда бир дагы саясий партияга партиялык система менен бийликке келүүгө шарт түзүлгөн берилген эмес. Бакиев, саясий партиялар бийликке келгенге шарт түзүп, партиялык тизме боюнча парламентке шайланганга мүмкүнчүлүк алып берди. Экинчиден, Акаевдин тушунда президентке иш жүзүндө эч убакта “импичмент” жарыялай алчу эмес. Анткени, мындай кадамга барган палатанын демилгесин конституциялык сот колдобой койсо, анда бул палата толугу менен кеткенге мажбурланган. Демек эч ким мындай демилгени чыгарган эмес.
“Kyrgyz Concept” компаниясынын президенти, коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикиринде, демократиялык принциптерди кармангысы келбеген, реформаларды жүргүзүүдө кашаңдык кылган бийликтин пайда болушунун өзүнчө бир терең түшүндүрмөсү бар. Бул тууралуу ал мындай дейт:
- Сталин заманында кырылып кеткен мыкты интеллигенциянын жоктугу чоң себеп. Ошол кезде жалаң кошоматчы жана өз кызыкчылыгын колдогон адамдар калыптыр, өлкө башында. Азыр ошолордун алдында тарбияланып, бүгүнкү күндө дале да болсо өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн, кошоматчы муундар күчкө толуп, мамлекетти бийлеп турган кез.