Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

ЕЛЬЦИНДИ АКЫРКЫ САПАРГА УЗАТЫШТЫ


Россия өзүнүн биринчи президенти Борис Ельцинди акыркы сапарга узатышты. Анын сөөгү Москвадагы Новодевичье мүрзөсүнө коюлду. Соңку бир сутканын ичинде маркум менен он беш миңдей киши коштошту. Ельциндин таажиясына жоон топ дүйнөлүк лидерлер, белгилүү саясатчылар менен мамлекеттик ишмерлер, мартабалуу коноктор келишти.

Борис Ельциндин таажиясы христиан ырымдарына ылайык өткөрүлдү. Россия тарыхында мамлекет башчылар арасынан акыркы ирет ушундай жөрөлгө менен жерге берилген император Александр III болгон экен.

Орус православ чиркөөсүнүн төбөлдөрү акрасыл Христос храмында тарсалардын таат-ибаадатын жасап, Ельцинге жаназа түшүрүштү. Ага президент Владимир Путин, премьер-министр Михаил Фрадков,парламенттин эки палатасынын спикерлери,өкмөт мүчөлөрү катышты. Жаназага тургандар арасында экс-совет лидери Михаил Горбачев, АКШнын экс-президенттери – Жорж Буштардын улуусу, Билл Клинтон, бийликтеги мамлекет башчылар – Германиядан Хорст Келер, Армениядан Роберт Кочерян, Казакстандан Нурсултан Назарбаев, Белоруссиядан Александр Лукашенко, Эстониядан Тоомас Хендрик Илвес, Литвадан Валдас Адамкус болушту. Таажияга Польшанын, Литванын, Латвиянын экс-президенттери, Британиянын, Канаданын мурдагы премьерлери, Украинанын,Кыргызстандын,Тажикстандын учурдагы өкмөт башчылары жана башка мартабалуу коноктор,көптөгөн коомдук,маданий ишмерлер келишти.

Ельциндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүнө коюлду. Ошону менен анын бу жарык дүйнөдөгү сапары соңуна чыкты.

Россиянын биринчи президенти өз артына талаш-тартыш туудурган,карама-каршы баа алган саясий мурас калтырып кетти. Таажияга катышкандардын бири 1991-жылды эстеп, ошондо Ельцин жарандарга өзүн адам катары сезген туюм бергенин айтып, ушуну биринчи президенттин эң башкы мурасы деп атады.

Ельциндин бир кездеги саясий оппоненти,мурдагы вице-президент Александр Руцкой биринчи президенттин көзү өткөнүнө кайгыра турганын,анын адамдык сапаттарын урматтаганын айтып,ал эми өткөндөгү саясий тирешти тарыхта калган,качып кете алгыс окуя баалады.

Көптөгөн орустар Ельцинди өлкөнүн чакчелекейин чыгарып, олигархтарга талатканы үчүн айыпташат. Былтыр декабрда өткөрүлгөн коомдук пикирдин иликтөөсүндө сурамжыга катышкандардын 70 проценти Ельциндин заманы жалпы калк үчүн пайдасынан зыяны көп болгонун белгилешкен.

Ал эми Батышта Ельцинди Россияны коммунисттик диктатурадан куткарган адам катары санагандар көп.1993-жылы октябрда парламентти танк менен атып таркатканда, Ельциндин бул кадамын АКШнын ошо кездеги президенти Билл Клинтон “демократиянын Россиядагы жеңиши” деп атаган эле.

Ельцин өз ордуна отургузуп кеткен азыркы президент Владимир Путин 25-апрелди Россияда жалпы улуттук аза күтүү күнү кылып жарыялады.

XS
SM
MD
LG