Абсамат Масалиев коммунисттик идеалдар кыйрап, 70 жыл ашуун бийликте турган жападан-жалгыз коммунисттик партиянын кадыры кетип, анын катарында тургандардын көбү багытын өзгөрткөн заманда деле мурдагы позициясынан кайткан жок. Бир ирет анын Европа өлкөлөрү биригип, чогуу-чаран жашап жатышканын мисалга тартып, мурдагы союздук республикалар да ошондой биримдикке кошулуусу керек экенин айткан жайы бар.
- Бизде 15 республикадан кошулган биримдик бар эле. Силер аны уратып салуу жөнүндө кеңеш бергенсиңер. Эми болсо ушундай жолду тандап алгансыңар деп жатасыңар.
Бийликте турганда эл үчүн таза иштеп, так жүргөн Абсамат Масалиев башкалардан да ошондой мамилени талап кылчу. Мына ушул белгилүү саясий-коомдук ишмердин эмгегин унутпай эскерип жүрүү максатында жакында А.Масалиев атындагы фонд түзүлдү. Маркум тууралуу эскерүүлөрдү, изилдөөлөрдү жарыялап, колунда жок, жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү ниетин алдыга коюп жаткан фонддун жетекечиси Владислав Абылгазиевдин ырасташынча, 1995-жылкы президенттик шайлоодо А.Масалиев жеңишке жетишкен. Бирок да айрым жетекчилердин көз боемочулугун айынан көпчүлүк шайлоочулардын добуштары эсепке кирбей, бийлигине таянган А.Акаевдин мөрөйү үстөм чыккан. Мыйзам көзкөрүнөө тебеленип жатканына ынанган А.Масалиев нааразылык билдирип, бийликке каршы чыгууга белсенип калгандарды токтотуп, президенттик кызмат өлкөнүн бейпилдигинен жогору турбастыгын ырастаган.
- Президенттик шайлоого чыкканда Абсамат Масалиев бүткүл Кыргызстан боюнча 70% кем эмес добуштарды алган. Биздин штабыбызды саат бирде телефондук байланышты үзүп таштаган. Биз ошол 70% менен эле жүргөнбүз, андан да көп болчу, жыйынтыкты болсо башкача чыгарып ийишти. 1995-жылы эле Абсамат Масалиев президент деп эсептелсе болмок.
А.Масалиев атындагы Кызылкыя көмүр кенинин директору Абдыжакыт Анарбаев шайлоо учурунда бийлик тарабынан ага каршы тоскоолдуктар болчу дейт.
- Абсамат Масалиевге элди топтоп берсеңер, ага имаратты берсеңер – иштен кетесиңер. Мектеп директору болобу, башкалар болобу. Мага да канча ирет чыгышты: «Өй, сен жашсың, өсүшүң керек» дешкен. Тигил-булсуң дешти.
Канча ирет чыгышты.
Маалымат катары айта кетчү сөз, жаңы фонд Абсамат Масалиевдин эстеликтерин башкалаа Бишкекте, Кызылкыяда, Баткенде орнотуу демилгесин көтөрүүдө. А.Масалиев жооптуу кызматтарда иштеп жүрүп эл ишенимине арзыган тазалыгы жана чынчылдыгы аркылуу артына чоң эстелик калтырып кеткенин замандаштары айтып келатышат.