Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:42

26- АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1878-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаарына уезддик мекемелерди көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иши башталган. 2004-жылдын бу күнү Алай районунун Кайнама жергесинде жер көчкүдөн 33 адам каза болду.

Бишкек шаарына уезддик мекемелерди көчүрүп келүү жана жайгаштыруу иши 1878-жылдын 26-апрелинен тарта башталды. Муну менен бирге шаар көчөлөрүн, аянттарды, кварталдарды белгилөө кызуу темп менен жүрүп жатты. Бир эле убакта аскерлер үчүн казармалар, азыркы чиркөө жайгашкан жер, мусулман жана христиандардын бейиттери белгиленген. Ошол убактагы планга ылайык, Бишкек шаарынын азыркы көчө, парктарынын орун алып, жайгашыш жагдайы мерчемделген. Адегендеги план боюнча шаардын түндүк тарабы-Ташкент көчөсү, азыркы Жибек жолу; чыгыш тарабы - Аламүдүн суусу; түштүгү-Лагерный, азыркы Чокморов көчөсү; батыш жагы - Казарменный көчөсү, азыркы Тоголок Молдо менен чектелген.

Кыргыз соода уюму 1932-жылдын бу күнү Кыргызстан борборунда биринчи арзандатылган товар кабыл алына турган бөлүм ачты. Комиссияланган товар бөлүмү Фрунзе шаарынын универсалдык магазинде орун алып, шаардыктар ага артүркүн товарларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Дүйнө коомчулугу 1986-жылдын 26-апрелинде бейпил атом алааматын башынан кечирди. Совет бийлиги атомдук алааматтын зыяндуулугу менен көлөмүн көшөкөрлөнө жаап, жашыруусу жана камылга, даярдыгы жок калкты авария кесепетин жоюга чегериши, бейпил адамдардын денсоолугуна жана өмүрүнө зор зыян алып келген. Чернобль алааматын жоюга кыргызстандыктар да катышып, алардын денсоолугуна оор залака келтирилип, нечендеген адамдар оору айынан өмүрүнүн акырына чейин жете алышкан жок. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда черноблчылар коому иштеп, ал зыян тарткан адамдардын укугу үчүн күрөшүп келет.

Курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан кирген түрк тилдүү мамлекет башчылардын 7-курултайы 2001-жылдын 26-апрелинде Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлдү.

Алай районунун Кайнама жергесиндеги 2004-жылдын 26-апрель күнкү жер көчкүдөн 33 адам каза болду.

Дүйнө коомчулугу 26-апрелде интеллектуалдык менчиктин Эларалык күнүн белгилейт.

1721-жылы биринчи жолу чечекке каршы вакцина колдонулган.

Бу күнү ааламга аты таанылган адамдар: 121-жылы Рим императору Марк Аврелий; 1659-жылы англис жазуучусу Даниэль Дефо; 1900-жылы жер силкинүү күчүн аныктаган Карл Рихтер жарык дүйнөгө келишкен.
XS
SM
MD
LG