Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

ТАЛАСТА ӨМҮРБЕК СУБАНАЛИЕВГЕ БОШТОНДУК ТАЛАП КЫЛЫШУУДА


Талас облусуна караштуу Карабуура районунда 24-апрелден бери Өмүрбек Субаналиевдин жактоочулары митингге чыгып жатышат. Митингчилер оппозициядагы саясий ишмерди камактан бошотуу талабы менен саясий бийлик башчыларга атайын кайрылуу катын жөнөтүштү.

25-апрелде Карабуура райондук администрация алдына 250 гө жакын адам чогулду. Өмүрбек Субаналиевди бошотмоюнча митинг улана берерин жана маселе чечилбесе Талас-Бишкек жолун тосушаарын айтты лидер Кабыл Салжанов:

- Өмүрбек Субаналиевди тез арада чыгарышын талап кылабыз. Эртеңкиге чейин бошотпой турган болсо биз анда башка радикалдык иштерге барабыз деген үндөө кабыл алып атабыз. Эгер эртең чечилбесе жолду жабабыз. Бул айласыздан болгон иш. Таластан да эл келет, азыр Карабууранын эли келип атат.

Ал эми Карабуура райондук администрациянын башчысы Шадыбек Жуманалиев митингдин лидерлери менен жолугушканын жана алар жолду тоспой турган болушту деп айтууда:

- Мыйзамды сыйлайбыз. Мен өз атымдан айта албайм же камалсын, же бошотулсун деп. Эл бошотулсун жана куугунтуктоо токтосун деп талап кылып атышат. Митингдин лидерлери менен, агалары менен сүйлөштүм, алар жол тоспойбуз дешти.

Субаналиевди колдогон лидерлер 19-апрелде Бишкекте болгон митингге катышкандарды бийлик куугунтуктаганын токтотсун, Өмүрбек Субаналиевди тез арада бошотуусун талап кылышып, 250 адам кол койгон кайрылуу катын Жогорку Кеңешке, өкмөт башчыга жана президентке жөнөтүштү.

Лидер Кабыл Салжанов митинг эртең кайра саат ондо уланаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG