Институт дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги абалды изилдеп чыккан жана былтыр курман болгон 100 журналист дүйнөнүн 23 мамлекетинде каза тапкан, алардын эң көбү - кырк алтысы - Иракта өлгөн, Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка мамлекеттерин жалпысынан санаганда, аймакта 47 журналист набыт кеткен. Мынчалык көп журналист акыркы мезгилде өлгөн эмес. Институттун президенти Йохан Фрицтин айтымында, 2006-жыл журналистиканын тарыхындагы эң катаал жыл болду, буга чейин эң кырсыктуу болуп 1999-жыл эсептелинип келген, ал жылы дүйнөдө 86 журналист өлгөн.
Институтта кеңешчи болуп иштеген Майкл Кудлактын айтымында, Иракта өлгөндөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү журналисттер болчу: "Албетте, эң коркунучтуу өлкө катары Ирак калууда, анда былтыр 46 адам курман болду. Алардын көпчүлүгү ирактык журналисттер болчу жана кылмышкерлер аларды негизинен - батыштык жана америкалык маалымат каражаттары үчүн иштегендиктен өлтүргөн", - дейт Кудлак.
Бирден ашык журналист былтыр, Ирактан тышкары, тогуз өлкөдө өлгөн: Филиппинде 10 адам , Мексикада жети, Шри-Ланкада беш, Пакистанда төрт, Ооганстан менен Колумбияда үчтөн, Венесуэла, Кытай жана Орусияда - экиден журналист. Былтыр 7-октябрда Маскөөдө өз үйүнүн алдында атактуу Анна Политковская атып өлтүрүлүп кетти, 1997-жылдан бери болсо Орусияда 43 журналист киши колдуу болуп өлдү жана он жылдагы окуяларды караганда, журналисттер үчүн Орусия - Ирактан кийинки эң коркунучтуу өлкө болууда.
Жакынкы Чыгышта болсо журналисттер үчүн эң кооптуу жерлер - Ливия, Сауд Арабия жана Сирия, андан тышкары Мисир менен Йеменде дагы журналисттер катуу куугунтукка алынууда. Азия мамлекеттеринде былтыр 29, эки Америкада - 17, ал эми Африканын Сахарадан түштүк жагындагы мамлекеттерде төрт журналист өлдү.
Орусиядан башка европалык мамлекеттерде былтыр журналисттер өлтүрүлгөн жок, бирок даниялык гезитте Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөр жарыяланган менен байланыштуу Африканын Судан мамлекетинде бир журналист курман болду. Эң кейиштүүсү болсо - журналисттердин өлүмү менен байланышкан кылмыш иштеринин көпчүлүгү ачылбастан калууда.
Эң көп журналист - 25 адам - Куба мамлекетинде абакта жатат, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө журналисттерди жана деги эле чет өлкөлүк жарандарды барымтага алуу кеңири тараган, Кытайда болсо Интернетке цензура киргизүү күчөп баратат. Аны менен катар Америка Кошмо Штаттарында былтыр айрым журналисттер өз макалалары үчүн тапкан маалыматтарды кайсы булактан алганын ачпай койгону үчүн соттолгону дагы докладда өзгөчө белгиленет.
Андан тышкары айрым өлкөлөрдө эмгиче мамлекеттик цензура бар, алардын ичинен Түндүк Корея, Түркмөнстан, Ливия, Сирия жана Сауд Арабияда бул эски илдет өтө күчтүү.
Сүрөттө: Былтыр 7-октябрда Маскөөдө өз үйүнүн алдында атактуу Анна Политковская атып өлтүрүлдү.