Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотуудан баш тарткандыктан, Европа өкүлдөрү менен Тегеран ортосундагы сүйлөшүүлөр былтыр октябрда токтотулган. Андан кийин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши декабрда атайын резолюция кабыл алып, Иранга каршы санкция жарыялаган, 24-мартта болсо Кеңеш дагы жаңы резолюция чыгарып, ал санкцияларды катуулантты.
Иран жетекчилигинин айтымында, анын өзөктүк изилдөөлөрү эч кандай аскерий максатты көздөбөйт жана Батыш менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Тегеран дайым даяр, бирок андай сүйлөшүү алдында Батыш ага эч кандай алдын ала шарт койбош керек, эгер Батыш Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнүн токтотулушун талап кылса, анда өзүнүн агы андай программаларын жапканы жакшы.
Бириккен Улуттардын резолюцияларын Тегеран аткарбай турганын билдирүүдө, ошондуктан тараптар ортосундагы мамиле өтө курч абалда. Анткен менен акыркы күндөрдө жаңы сүйлөшүү өткөрүү тууралуу макулдашуу жетишилди жана 25-апрелде Анкара шаарында - Ирандын Улуттук Коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани менен Европа Биримдигинин тышкы саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча бийик өкүлү Хавьер Солана жолугуп сүйлөштү.
Жолугушууда кандай маселелер талкууланганы ачык айтылган жок, бирок тараптар эки аптадан кийин дагы бир жолу жолугуу жөнүндө макулдашты. 26-апрелде Солана жана Ларижани Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл жана өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Игит Алпоган менен жолуккандан кийин коштошот жана Солана Биримдиктин тышкы иштер министрлерине ушул эле күнү болуп өткөн сүйлөшүү жөнүндө маалымат берет.
Эксперттердин пикиринде, канчалык катуу сөздөр айтылганы менен, эки тарап тең маселенин дипломатиялык жол менен чечилишини каалайт. Андан тышкары АКШ түп тегинде - Ирак маселесин чечүүгө дагы Иран тараптан көмөк болушун көздөйт. Анткен менен АКШ мамлекеттик катчылыгы 24-апрелде - Тегеранга карата талаптар жумшартылышы мүмкүн деген маалыматты четке какты. Улуу Британиянын тышкы иштер министри Маргарет Беккет дагы 23-апрелде - бул сүйлөшүүдөн орчундуу жыйынтык чыгат деп күтпөгөнүн билдирди.
Тегеран болсо акыркы мезгилде өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүндө болгон ийгиликтер тууралуу көп айтууда. Женева шаарындагы Коопсуздук саясат борборунун изилдөөлөр боюнча деректири Шахрам Чубиндин пикиринде, аны түшүнсө болот:
"Коопсуздук Кеңешинин эки резолюциясынан кийин жана андан башка дагы бейрасми чектөөлөр киргизилип жатканда, ирандыктар, менин оюмча, артка кайтуу дээрлик мүмкүн эмес жолго түшкөнүн жакшы түшүнөт. Ошондуктан алардын - өндүрүш деңгээлиндеги уран байытуу иштерин жүргүзүүгө алар жөндөмдүү болгону сыяктуу шашылыш жарыялар өзүнчө максатты көздөйт. Эгер Батыш менен келечекте кандайдыр бир келишим түзүлсө, айтылып жаткан ошондой деңгээлге уруксат берилүүгө тийиш болот, андан өйдөкү деңгээл жөнүндө болсо Тегеран дагы соодалашат", - дейт Чубин.