Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:16

ОРУС ПРЕЗИДЕНТИ В.ПУТИН ЭЛГЕ СОҢКУ БИЛДИРҮҮСҮ МЕНЕН ЧЫКТЫ


Бүгүн, 26-апрелде, Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн парламентинде жылдык кайрылуу менен чыкты. Бул – В.Путиндин президенттик мөөнөтүндөгү акыркы кайрылуусу болуп калаары күтүлүүдө. Ал өз сөзүндө өлкөнүн экономикалык ийгиликтерине, мамлекеттин ички жана тышкы саясатына, ошондой эле алдына көрүлүүчү иштерге кайрылды.

Президент Владимир Путин бул жолку кайрылуусун ушул аптада көзү өткөн Борис Ельцинди эскерүү менен баштады. Андан ары ал өлкөнүн экономикалык жетишкендиктерине кайрылып, 2000-жылдан бери калктын реалдуу кирешеси эки эсеге жогорулаганын айтты.

- Орусия өндүрүштүн төмөн көрсөткүчүн өтүп эле тим болбостон, азыр дүйнөнүн эң ири экономикаларынын он тизмесинин катарына кирди.

Орус президентинин ишениминде, өлкөнүн стратегиялык пландарынын тагдыры быйыл жыл этегинде орус парламентине өтчү шайлоого жараша болот. Андыктан Путин экстремисттик кыймылдарга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

- Ачыгын айтканда, биздин мамлекеттин туруктуу өнүгүшү көптөргө жага бербейт. Псевдодемократиялык ураанды кыйкырып, өлкөнү артка сүйрөгөндөр бар. Мамлекеттин, элдин байлыгын өздөрү каалагандай талап-тоноп, Орусияны экономикалык жана саясий көз-карандысыздыктан айрылткысы келип жүргөндөр да бар. Биздин ички маселелерге кийлигишүү үчүн сарптала турган чет элдик акчанын көлөмү өсүп жатат. Көп улуттуу өлкөбүздө улуттар жана диндер аралык араздашууну күчөтүүнү тымызын самап жүргөндөр да жок эмес. Ошондуктан сиздерге кайрылып, мыйзам жоболоруна экстремисттик аракеттер үчүн жазаны күчөтө турган өзгөртүүлөрдү тезирээк кабыл алышыңыздарды суранам., - деди В.Путин.

Мында орус президенти кайсыл мамлекеттер тууралуу сүйлөп жатканын тактабаганы менен, жакында ал Вашингтонду Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды каржылап жатканы үчүн сындаганын көпчүлүк унута элек.

АКШга каршы дагы бир сын Европадагы айрым мамлекеттерге орнотулушу каралып жаткан ракетага каршы комплекс тууралуу болду окшойт. Орусия ага каршы болуп келатканы маалым. Вашингтон бул өңдүү комплексттер Европаны Иран жана Түндүк Корея өңдүү мамлекеттерден коргоого багытталат дегенине карабай, Кремль аны Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп ишенет.

В.Путин Орусиянын тышкы саясаты жөнүндө сүйлөп жатып, «Европадагы жөнөкөй аскерий курал-жарактар жөнүндөгү келишимди» аткарууну Орусия токтото турганын жарыялады. «Анткени Орусия аны аткарып жатканына карабастан, НАТОнун көп мүчөлөрү бул келишимди жөн гана четке кагып коюшту» деп эсептейт Путин.

- НАТО менен болгон алдын ала сүйлөшүүлөргө карабастан, Словакия же прибалтика мамлекеттери өңдүү альянстын жаңы мүчөлөрү бул келишимге такыр эле киришкен жок. Бул бизге күтүлбөгөн реалдуу коркунучтарды жаратат. Андыктан НАТОго мүчө бүт мамлекеттер аны жактырып, Орусия бүгүн аткарып жаткандай так карманышпаса, биз бул документке мораторий жарыялашыбыз керек деп сунуш кылам, - деди Путин.

Орус президенти өлкөдө аткарылып жаткан айтылуу улуттук долбоорлор тууралуу сүйлөп, алардын бир жылдык ишинин жыйынтыгы эле «аракеттин натыйжалуу экенинен кабар бергенин» айтты. Президент келерки 2008-жылды Орусияда «Үйбүлө жылы» деп жарыялай турганын белгилеп, үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыздоо зарылдыгына токтолду. Ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерди оңоп-түзөп, аларды жаңы техникалар менен жабдуу, пенсионерлердин ал-ахыбалын жакшыртуу тууралуу сүйлөдү.

Путиндин айтымында, орус парламентине келерки жолку кайрылууну жумурияттын жаңы президенти жасайт. Муну менен ал президенттикте калбай турганын дагы бир ирет тастыктагандай болду. Бирок, Путиндин айтымында, ал азырынча саясий билдирүүлөрдү жасоодон алыс.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG