26-апрелде өкмөт үйүндө мамлекет башчысы Курманбек Бакиев менен казак президенти Нурсултан Назарбаев жолугушуп сүйлөшүштү. Анда эки өлкө ортосундагы алакаларды мындан ары да арттыруу, экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери менен катар эки тараптан чечилбей келаткан айрым маселелер көтөрүлдү.
Расмий делегациянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн кеңейтилген жыйындан кийин президенттер Нурсултан Назарбаев менен Курманбек Бакиев эки президенттин билдирүүсүн кабыл алышты. Ошондой эле мамлекеттер аралык жогорку кеңеши жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндөгү чечимге кол коюшту.
Эки өлкөнүн өнөр жай жана соода министрлери чекара кызматташтыгы боюнча Кеңбулуң-Аухатты менен Айшабүбү-Чоң-Капкада эл аралык борбор түзүү боюнча келишимге кол коюшту. Ал эми тышкы иштер министрлери чегара аймактарында үчүнчү өлкөлөр үчүн туристтик визаларды ич ара таануу, маданият жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууларга кол коюшту.
Өз сөзүндө президент Курманбек Бакиев Казакстандын президенти баш болгон бийлик бутактары жалаң экономиканы өнүктүрүүгө багыт алганы натыйжалуу жыйынтык берип жатканын баса белгиледи. Бакиев Кыргызстан он беш жылдан бери саясат менен алп урушуп жатып, бүгүнкү күнгө туш келгенин, кыргыз парламенти менен өкмөтү саясаттан тышкары болуп, экономикага көңүл буруусу керектигин айтты.
-Тилекке каршы бүгүнкү күнү казак инвесторлорду тартууда кедергини өзүбүз түзүп жатабыз. Бүгүн кыргыз парламенти, кыргыз өкмөтү парламентте жаткан экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу менен алектениши керек,- деди Бакиев.
Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев боордош кыргыз элинин экономикасын көтөрүү багытында казак мамлекети колдон келген жардамын аябастыгын билдирди. Анын айтымында, Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна, Узунагаш-Кемин-Ысыккөл автожолун курууга жана башка ишкана, өнөр жайларды ачууга кыргыз тарап шарт түзүп берсе, казак инвесторлору кол кабыш кылууга даяр. Назарбаев Ысыккөлдүн жээгинен кырк тогуз жылга ижарага жер алып беш жылдыздуу мейманканаларды куруу макулдашылгандыгын, бирок ал документтер ратификацияланбаганын белгиледи. Ал ошондой эле чекара маселеси сантиметрине чейин такталса дагы кыргыз парламенти чекара боюнча келишимге макулдук бербей жатканын учкай кеп кылып кетти. Назарбаев учурдан пайдаланып кыргыз элине бир эки ооз кайрылуу жолдоду.
-Мен кыргыз агайындарга дагы бир-эки сөз айтпасам болбойт. Биздин жаныбыз ачыгандыктан, кыргыз калкынын келечеги кенен болсун деп тилейбиз. Ар убакта элдин ичинде тынчтык болсун.
Назарбаев ошондой эле кайсы өлкөдө туруктуулук болуп, эл бири-бири менен тынчтыкта жашаса ал жерде демократия бар деген көз карашын айтты.
Казак президенти Жогорку Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары, үч комитеттин жетекчилери менен жолугушуп казак парламенти менен тыгыз байланышта болуп, чек ара жана башка маселелер боюнча биргелешип иштөөнү сунуштаган. Вице-спикер Эркинбек Алымбеков 24-марттан кийинки өлкөдөгү кырдаал, Конституциянын кабыл алынбай жатышы, бийликтин кетирип жаткан каталыктары саясий экономикалык абалга терс таасирин тийгзип жатканын казак президентине маалымдаганын “Азаттыкка” билдирди.
-24-мартта биз мамлекетибизде чоң бир жакшы өзгөрүштөр болот деп үмүт кылганыбызда, азыркы бийлик анын ордуна эски бийликтин системасын “мотаждоого” кадам таштады. Аны демократиялык коомчулук кабыл албай саясий кризистин башаты ошондон болуп жатат, деп айттым. Назарбаев туура деген баасын берди, -деди вице-спикер Эркин Алымбеков.
Түштөн кийин саат үчтөн өткөндө казак президенти Нурсултан Назарбаев баштаган делегация өз мекенине жөнөп кетишти.