Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

27- АПРЕЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1697-жылы кытай аскерлери жунгарларды талкалашып, акыркылардын кыргыздарга көрсөткөн кыянатчылыгы азайган. 41 күндүк тыныгуудан кийин «Пирамида» телеканалы кайра иштей баштаган.

Кытай императору Канси Дасюэши Исэнча 1697-жылдын бу күнү жунгар өкүмдары Галдан Бошокту ханга каршы согуш аракети соңуна чыккандыгын билдирген жардык жарыялады. Императордун жардыгына ылайык, Галданды кармап жазага бериш үчүн аскер жиберилген. Кытай мамлекетинин жунгарларды талкалашыны байланыштуу, калмактардын кыргыздарга көрсөткөн кысымы толугу менен токтогон.

Орус бийлигинин 1861-жылдын 27-апрелиндеги токтомуна ылайык, Черноморск губерниясындагы Степной, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд областарында жашаган жергиликтүү калктын жер менчигин аныктоо, Россиядан көчүрүлчү адамдарга бөлүнө турган жердин көлөмү, берилчү мөөнөтүн тактоо маселеси көтөрүлгөн.

«Ачык коом» инстититун түптөгөн Жорж Сорос 2004-жылдын бу күнү президент Аскар Акаев менен жолугушту. Жорс Сорстун маалымдоо каражаттарын билдирүүсүнө караганда, Акаев кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген. Айтылуу филантроптун айтымында, А. Акаевдин мындай кадамы түбөлүк бийликти көксөгөн Борбордук Азия жетекчилери үчүн мыкты өрнөк болоору бышык.

«Пирамида» телеканалы 41 күндүк тыныгуудан кийин 2004-жылдын 27-апрелинде кайрадан иштей баштады. Телеканалдын башкы директору Андрей Цветков билдирүүсүнө караганда, бийлик өкүлдөрү мындай кадамга коомчулуктун кысымы, балким Жорж Соростун президент менен сүйлөшүүдөн улам барган.

1922-жылдын 27- апрелинде Якут Автономиялык Советтик Социалистик Республикасы уюшулуп, 1992-жылдын бу күнү Саха Республикасынын Консититуциясы кабыл алынган.

Якут АССринин курулушуна Максим Кирович Аммосов сыяктуу инсандар зор салым кошкон жана М. К. Аммосов 1937-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз ВКП(б)нын 1-секретардык кызматын аткарууга киришкен.

Айтылуу Байкал-Амур магистралынын курулушуна ыктыярдуу отряддар 1974-жылдын бу күндөн тарта жөнөтүлө баштаган. БАМ курулушуна кыргызстандык жаштар да катышып, салымын кошкону маалым.
XS
SM
MD
LG