Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

УКУК КОРГООЧУЛАР: САЯСИЙ КУУГУНТУК ЖАСАГАН БИЙЛИКТИН АРТЫ ЖАМАН БОЛЧУ ЭЛЕ


Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев, “Ата мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов жана “Канжар” кыймылынын лидери Адилет Айтикеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин камагында жатышат. Буга байланыштуу эки күндөн бери Бишкекте укук коргоочулар пикет уюштурууда. Таласта Өмүрбек Субаналиевдин жердештери анын камактан бошотулуусун талап кылып, митинг өткөрүшүүдө. Кечээ кечке жуук Башкы прокуратура камактагы фронтчуларды эки айга камоого санкция берди.

Коопсуздук кызматынын камагында жаткандарды бошотуу талабы менен жарандык коом эки күндөн бери пикет, жүрүш уюштурууда. Кечээ пикетчилер акцияны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдында башташты. Андан кийин Жогорку Кеңешке, Өкмөт үйүнө жана Башкы прокуратуранын алдында өткөрүүнү максат кылып, жөө келе жаткан пикетчилердин жолун милиция тосуп, курчоого алды. Жарым сааттан ашуун милициянын курчоосунда турган пикетчилер нааразылык чарасын 27-апрелде өткөрүүнү белгилеп, тарап кетишти. “Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова атуулдардын Конституциялык укугун бузгандыгы үчүн милицияны сотко берерин билдирди:

-Биздин укугубузду тебелегени үчүн, жаш-кары дебей, күнгө тургузуп, кыйнаганы үчүн биз милицияны сотко беребиз. Милицияга реформа алардын формасы менен айлык акысын көбөйтүүдө гана болуп атыптыр. А өздөрүнүн түшүнүгү баягы жандармдык түшүнүк боюнча гана калыптыр, -дейт Төлөйкан Исмаилова.

Өмүрбек Субаналиевди бошотуу талабы менен 25-26-апрель күндөрү Таластын Карабуура районунда да митинг болуп өттү. Митингдин катышуучулары бийлик алардын талабын аткарбаса Талас-Бишкек канжолун жабарын билдиришүүдө. Ошондой эле камакта жаткан оппозиционер Өмүрбек Абдрахмановдун Суусамырдагы жердештери да аны бошотууну талап кылып, кечээ билдирүү таратышты.

26-апрель күнү түштөн кийин Өмүрбек Субаналиевдин жана Өмүрбек Абдрахмановдун үстүнөн КЖКнин 233-беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү өздөрүнө расмий түрдө угузушту. Бул маалыматты КР президентинин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Укук коргоочу Улуттук коопсуздук кызматынын камагында жаткан оппозиционерлер жана тергөөчүлөр менен жолугушуп чыккандыгын маалымдады:

-Тергөөчүлөрдүн токтомун Субаналиев менен Абдрахманов мага өздөрү көрсөтүштү. Алар айыптоо менен макул эмес экендигин да айтышты.

Турсунбек Акундун айтуусунда камакта жаткандарга күч колдонуу болгон эмес:

-Мен өзүм сурадым: күч колдонуу же кыйноо болгон жокпу деп сурадым. Жок, андай болгон жок, баары жакшы деп айтышты.

Кечээ кечке жуук Башкы прокуратура Өмүрбек Абдрахманов менен Өмүрбек Субаналиевди эки айга камоого санкция берди. Камакта жаткан фронтчулардын башкоргоо чарасын өзгөртүү тууралуу алардын адвокаттары, Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары өтүнүч менен Башкы прокуратурага кайрылышкан. Бирок жооп боло элек. Ал эми Турсунбек Акун оппозиционерлердин башкоргоо чарасын өзгөртүү чечилерине аз калгандыгын маалымдады.

Айрым саясатчылар оппозиция лидерлерин минтип четинен камоонун арты жакшылыкка алып барбасын эскертишүүдө. ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Жыпар Жекшеев кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетүүсү толук ыктымал дейт:

-Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетүүсү мүмкүн. Менин коркконум: жер-жерлерде түндүк-түштүк болуп бөлүнүп, чыр чыгып кетпесе экен. Элде нааразылык аябай күчөп баратат. Бийлик ошонун алдын алып, буга өтө этият мамиле кылышы керек эле.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG