Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

ЖОРЖ СОРОС: “МЕН РЕВОЛЮЦИЯНЫН КҮЙӨРМАНЫ ЭМЕСМИН”


Белгилүү финансист миллиардер Жорж Сорос Ачык коом институту жана өз ысымындагы улуттук кору аркылуу жарандык коом курууга багышталган соопкерчилик долбоорлоруна жүз миллиондогон доллар каражат сарп кылууда. Бейшемби күнү айтылуу филантроп “Азаттык” радиосунун Прагадагы баш кеңсесинде болгон кезде ага Жереми Бранстен бир нече суроолор менен кайрылды.

Соңку жылдары Грузияда,Украинада жана Кыргызстанда болуп өткөн “түстүү” революцияларда Сорос маанилүү роль ойноду, атүгүл бардык ушул окуялардын тетигин тегереткен адам болду деген ырастоолорду финансист миллиардер төгүнгө чыгарды.

“Менин ролуму туура эмес түшүнүштү жана аны өтө эле апыртып жиберишти”,- дейт Сорос. Филантроптун айтымында, өзгөчө орус президенти Путин, грузиндердин мурдагы лидери Шеварднадзе жана башкалар революция уюштурду деп Соросту айыптаганды жакшы көрүшөт. Иш жүзүндө бардык жерде,анын ичинде Грузияда мурдагы режимди эл өзү кулатты.

“Грузияда мамлекеттин чын эле мүнөзү өзгөрдү,коррупциянын арааны биртке болсо да тыйылды”, - дейт Сорос. Буга кошумчалап ал Грузия Россиянын өтө катуу кысымына такоол кылганын белгиледи. Орустар газын өчүрүп,электр энергиясын бербей, кыйла эле өмгөктөштү. Бирок Грузия,Соростун баамында, өз киндигин өзү кескенге жараган режим болуп чыкты.

Мындай позитивдүү баа Украинага да тиешелүү чыгар? “Украинада буга калганда күмөн-күдүктөр бар,эмнеге дегенде аны Россия газ маселесинде Грузияга караганда көбүрөөк көзөмөлдөгөнгө жетишти”,- дейт Сорос. Ошентсе да филантроп Украина айкын, демократиялык коом экенин көрсөттү, жалпы жарандар белгилүү бир журум-турумдун жетегинде калганга макул болбой турганын далилдеди деп эсептейт. Өкмөттө ким турбасын, Соростун айтымында, муну эске албай кое албайт.

Бирок көпчүлүк украиндер кырдаал кайрадан туюкка кептелгенин, саясий кризис чыкканын көрүп отурашат. Алар эми эмне кылыш керек: кайрадан көчөлөргө чыгыш керекпи?

“Баарыдан мурда демократиялык институттарды түзүү керек, демократияны болсо революция менен түзө албайсың”, - дейт Сорос. Финансисттин баамында,”саргылтым” революция койгон милдеттердин көбү ишке ашкан жок, бу болсо калктын көңүлүн кайт кылды. Бирок Украинада демократиялык мунаса табуунун формасы, сөз эркиндиги бар. Мунун баары бир топ жылдан соң алда канча дурус абалга жеткирет. Анткени адамдар акырындап эркин талкуу-таңаш өткөргөнгө, ээн-элкин аракеттенгенге үйрөнөрүнө жана буга кеңири мүмкүндүк аларына Сорос бекем ишенет.

Мындан калды, мунун баары бир топ жылга созула турган процесс.Ушундан улам түстүү ыңкылап жасагысы келген элдерге кандай кеп-кеңеш берсе болот?

“Мен революциянын күйөрманы эмесмин,анткени революция демократиянын тартыштыгынан чыгат. Революция демократия куруу үчүн орун түзөт,бирок алеки саатта репрессивдүү режимден демократияга секирип өтө калганга кепилдик бербейт”,- дейт Сорос.

Россияда жарандык коом чөйрөсүндө өтө чоң долбоорлорду түзүп, ири каражат сарп кылганына карабастан орус коому кайра эле мурдагы абалына кайтып келгенине Сорос өкүнүч билдирди. Анын айтымында, калктын көп бөлүгү мындай иштерге катышат деп күтүүгө болбойт, айрыкча союл-токмогун камдап,жол тороп турган полициядан артыкчылык кыларын көрбөгөн кезде буга азгантай гана адамдар батынышы мүмкүн.

Украинадагы “саргылтым” же Кыргызстандагы “жоогазын” ыңкылабындай азан-казан эл катышкан иштер сейрек болот, бирок аларды колдоп,тилектештик билдирип, ошол эле учурда сабырдуулугун сактап турган көпчүлүк бардык коомдо болот, дейт Сорос.

XS
SM
MD
LG