Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

КОНГРЕСС ИРАКТАН АСКЕР КОНТИНГЕНТИН ЧЫГАРУУ ТАЛАБЫН КОЙДУ


Шаршемби күнү АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы Ирактагы аскери контингентти чыгаруу ишин быйыл октябрдан баштап эмдиги жылдын апрелине чейин толук аяктоону караган мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти бүгүн же эртең сенат жактырууга тийиш. Президент Жорж Буш долбоорго баары бир вето саларын эскертти.

Өкүлдөр палатасы Ирактагы жана Ооганстандагы аскери операцияларга кошумча 124 миллиард доллар каражат сураган президент Жорж Буштун өтүнүчүн канааттандырды. Бирок мунун эсесине долбоордо өкмөткө олуттуу бир шарт койду. Атап айтканда, быйыл 1-октябрдан тартып Ирактан америкалык контингент чыгарыла башташы керек жана келерки жылдын апрелине чейин бул иш толук аяктоого тийиш.

Өкүлдөр палатасында мыйзам долбоорун 218 конгрессмен колдоду, 208и каршы болду. Палатанын спикери Нэнси Пелосинин айтымында, Ирактагы согуш аскерлерге ашкере оор жүк болуп, америкалыктардын өзүн эл аралык терроризмдин коркунучунан коргоо мүмкүндүгүн алсыратып жатат.

Ирактан америкалык контингентти чыгаруу идеясы карапайым калк арасында да кеңири колдоого алынып баратат. NBC News/Wall Street Journal биргелешип өткөргөн коомдук пикирдин соңку иликтөөсүндө суралгандардын 56 проценти муну макул тапса, 37 проценти жактаган эмес.

Республикалык партиянын өкүлдөрү да аскери контингент Ирактагы озуйпанын толук өтөлүнө чыгышы керек деп эсептешет. Палатадагы азчылыктын лидери Жон Боэнер түпкүлүгүндө Ирактан чыгып кетүү кыйын эместигин, муну Ливанда, Вьетнамда, Сомалиде жасагандай эле жасаса болорун айтып, бирок америкалык контингент өз артынан Иракта будуң-чаң түшкөн абалды гана калтырарын эскертти.

Өкүлдөр палатасы кабыл алган мыйзам долбоору бүгүн же эртең сенатта колго салынат. Эгер ал кабыл алынса, анда эмдиги аптада документ президент Бушка жиберилет. Бирок ал долбоорго вето саларын бышыктады. Демократиялык партиянын лидерлери сунуш кылган мыйзам долбоорун колдоо, Буштун айтымында, америкалык командачылыктын позициясына каршы келген саясатты колдоо болмок. Фронттун алдыңкы чегинде жүргөн аскерлерди каржылоодон баш тартып, конгресс көп ишти кечеңдетип жатканы үчүн ушул айдын башталышында мыйзамгерлерди сынга алып, Буш: “Бу мен үчүн кабыл алгыс иш,бул америкалыктар үчүн да кабыл алгыс иш”, - деп айткан эле.

Демократтар конгресстин эки палатасында тең артыкчылык кылышканы менен президенттин ветосун жеңгенге алардын саны баары бир жетишсиздик кылат.

XS
SM
MD
LG