Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

МАМЛЕКЕТТИН ЖҮЗҮ


«МСН суббота» гезити маңдай-тескей олтуруп сүйлөшүүгө караганда аянттагы ызы-чууга көбүрөөк ык салган оппозиция менен бийлик бирин бири тиктеп эки жээкте олтурганын, бирөө эле муштум түйдү дегиче экинчиси мурундан нары басып калууга даяр экенин белгилөө менен биздин мамлекеттин бүгүнкү жүзү- тамсил жаттабай келген 1-класстын окуучусунун жүзүнө окшоп тултуюп турат, деп жазат.

«Жаңы ордо» гезити Куловдун «Кийинки президент да түштүктөн болуш керек» деген сөзүн мисалга тартып, бул кепти кимге арнаганын байкадыңызбы, деп суроо коюп, анан «Текебаевге» деп жооп берет. Гезит андан ары, Кулов мына ушунтип президенттикке эми Текебаевди түртө баштаганын, анткени Өмүрбекти өкмөт башчылыгына апкеле турган болсо, аны менен тандемдеше коюп, өкмөт башчылыгын алган жатат да, деп бүтүм чыгарат.

«Жаңы кылым» гезити кадр маселесин козгоп, кадрларды тандоого келгенде азыркы бийликтин принципсиздиги, так консепциясы жок деген сындардын туура экендигин, бүгүн Акүйдө мындан эки жыл мурдагы ыңкылапка бут тоскондор, ага катышкан адамдарды куугунтукка алгандар, А.Акайычтын алдына жата калгандан кайра тартпагандар, мамлекеттин, элди талап-тоногондор олтурганына кейип, бул көрүнүштүн бир далили катары Бакиевдин админстрация башчысы Медет Садыркуловду мисал тартат. Садыркулов мырза президенттин оң колу болору менен Укуловду бөлүм башчылыктан сүрүп чыгарып, Дикамбаев дегенди апкелип, анын ордуна өз күйөө баласы Мамбетжанов Мелисти алып барганы жатат, деп жар салат.

«Кыргыз руху» гезити митингди басыш үчүн түштүктөн кошумча күчтөрдү алып келүүнүн зарылдыгы бар беле, саналуу мастарды тартипке салып койууга Бишкек шаардык, райондук милийсанын күчү жетпейт беле, деп жазып, ошол түштүктөн алынып келгендер 22-апрелде Көк-Бел, Ала –Бел, Төө-Ашуу ашууларын ашып кетишкенин, ошол күнү кечки саат төрттөрдө алардын бир автобсу Суусамырдын түшө калышында моторуна күч келип токтоп турганын маалымдайт.

«В конце недели» гезити «Биз келечеги бар өлкөдө жашагыбыз келет» деген тема алдында суроо менен кайрылганда, Юлия аттуу Оштук студент, Акаев учурундагыдай эле Бакиев доорунда деле эчнерсе өзгөрбөгөндүгүн, Бишкекектик врач Жаңыл, «Реформа үчүн» кыймылынын талаптарын колдоорун, бирок митингден тажаганын, 100 жаштагы Баткендик Пакыр карыя, турмуш-базар экенин, баары базарда сатылып, баарын базар сатарын, Бишкектик юрист Бектеналы, митингке эчкимдин түртмөгү жок эле өз жүрөгү менен чыкканын, Бишкектик студент Салкынай, окуусун бүтөрү менен эч жерде ишке орношо албасын, анткени пара берүү керектигин, ошондуктан диплом алары менен Кыргызстандан кетерин айтып жооп берет.

«Белый пароход» гезити керек болгондо бийлиги да, оппозициясы да орус картасы менен ойногонду жакшы көрүшөрүн, өткөн митингде оппозиция башчылары бизди башка элдин өкүлдөрү да колдоп жатат деп жар салышканы менен славян эли эки тарапка тең кошулбаганын баяндоо менен мындан ары Кыргызстан-жалпы улуттардын үйү бойдон калабы же жалгыз эле кыргыздардын үйү болобу деген суроо коюп, акыркы 15 жыл ичинде эле ырасмий эмес маалыматтар боюнча өз өлкөсүн 500 миңге жакын кыргыз таштап кеткенин, бул деген миграцияга жатпастыгын, бул деген өз өлкөсүнөн качуу дегенди билдирерин белгилейт.

«Кутбилим» гезити Кыргыз билим берүү Академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиевдин «Эне тилибиз глобалдашуунун коркунучу астында» деген көлөмдүү макаласын жарыялады. Окумуштуу мамлекеттик тилдин көйгөйлүү маселелерине кенен токтолуу менен аны сактап калуунун 7 баскычын сунуш кылат.

«Кыргыз туусу» гезити «Басмачылык ыкмада мандат талашуу аракеттери качан калат?» аттуу макаасында, качан болсо элди экиге, жерди жетиге бөлүп келаткан шайлоо өнөктүгүн сөз кылып, учурда ушундай жаңжалдын очогоуна айланган Кемин шайлоо округундагы окуяга токтолот.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG