Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

ГАЗ БААСЫНЫН ЖОГОРУЛАГАНЫ БЕЛАРУСКА ПАЙДАЛУУ БОЛОТ


Американын Беларустагы элчиси Карен Стюарт Азаттык радосунун беларус редакциясынын кабарчысы менен сүйлөшүп, Беларустагы саясий туткундардын акыбалы жана соңку экономикалык өзгөрүүлөр жөнүндө баяндаган. Азыр ошол маектин урунттуу жерлери менен таанышыңыздар.

АКШнын өкмөтү Беларуска нечен жолу кайрылып, түрмөлдө отурган саясий туткундарды бошотууну талап кылган. Ал туткундар менен жолуктуңуз беле? Алар сизге кандай таасир калтырды? - деген суроого элчи Карен Стюарт буларды баяндады.

-Сиз өтө маанилүү суроого кайрылдыңыз, биздин эсебибизде Беларуста саясий айыптоолор менен 11 абийир туткуну түрмөдө отурат. Мен азыр түрмөдө отурган 2 адам менен жана мурда отуруп, азыр эркиндикке чыгарылган бир нече адам менен кездешип, сүйлөшкөмүн. Ошондой эле өткөн декабрде Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата аларды үй бүлөлөрүнө кошуунун аракети менен үй бүлөлөрү менен жолукканмын. Мени да, элчиликтеги кызматкерлердин баарын да туткундар менен алардын жакындарынын чыдамкайлыгы, жакшылыктан үмүт үзбөй ушунча жыл күткөндөрү терең таасирлентти,- деп айтты Стюарт айым.

Маегин улантып, элчи Беларус менен АКШнын ортосундагы расмий мамилелерге караганда, жарандар ортосундагы жана бейөкмөт уюмдар ортосундагы алакалар жакшы өнүгүп жатканын, буга ар түрдүү программаларды биргелешип ишке ашыруу, маданий иш чаралар жана бейөкмөт уюмдардга көрсөтүлүп жаткан көмөк огожо болуп жатканын белгиледи. Мисал катары элчи Чернобылдын балдарына көрсөтүлүп жаткан жардамды жана гуманитардык көмөктү атады.

Беларусия менен Россиянын ортосундагы газ талашына токтолуп, элчи АКШ энергияны саясий курал катары колдонууга дайым каршы чыгып келгенин баса белгиледи. Ошол эле убакта Стюарт газ бааларынын жогорулоосу Беларусия үчүн оң натыйжаларды алып келе турганын айтты.

-Экономикада эң мыкты натыйжалар ресурстар базар баалары боюнча соодалаганда, баалар табыгый жол менен, өз убагында жөндөлүп турганда, гана жетишилет. Газ бааларынын жогорулоосу менен Беларустун ачык рынок болуусуна шыдыр жол ачылды. Ишканалар мамлекеттик субсидиясыз иштегенге өтүшү керек. Беларус ошондой эле кайсы ишканалар эркин конкурренцияга жөндөмдүү экенин, кайсыл тармактарга инвестиция жасоо керек экенин эми даана биле алат. Өкмөт эми Беларусту чет элдик инвестициялар үчүн жагыштуу кылуу үчүн шарт түзөт, деп үмүттөнөм ,-деди Карен Стюарт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG