Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

КАМАКТАГЫ САЯСАТЧЫЛАР БОШОТУЛДУ


«Комиссар Каттани» атыккан генерал Өмүрбек Субаналиев баштаган оппозициянын үч өкүлүнүн Коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынышы апта ичиндеги коомчулуктун назарын бурган башкы окуя болду. Укук коргоочулар бул окуяны бийликтин демократиялык баалуулуктардан чегинүүсү катары баалашты. Аларды УКК кечээ түнү бошотту.

«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» деп аталган бириккен фронттун штаб жетекчиси Өмүрбек Субаналиевдин, «Атамекен» саясий партияларынын мүчөлөрү Өмүрбек Абдыракманов менен Адилет Айтикеевдин баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, Коопсуздук кызматынын камагынан кечээ түнү бошотулду. Саясатчылар 19-апрелде массалык тартипсиздикти уюштурду деген негиздеме менен камакка алынып, соңунан башкы прокуратура эки айлык мөөнөткө камоого санкция берген болчу. Президенттин карамагындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун камактагы саясатчылардын бошотулушун жалпы коомчулуктун эмгеги катары баалады. Чындыгында эле окуя татаалдашып баратат деп эсептеген укук коргоочулар дароо коомчулукту көтөрүп, демократиянын баалуулуктарына доо кетип, адам укуктары көз көрүнөө тепселип жатат деп нааразылык акциясына чыгышкан.

Милициянын тоскоолдуктарына кабылган укук коргоочулар соттун чечимисиз жүргүзүлгөн камоолорду саясий куугунтук ктаары чечмелеп, Коопсуздук кызматын сотко берүү жараянын башташкан.

Өмүрбек Субаналиевдин адвокаты Кубат Кожоналиев кечээ уюштурулган маалымат жыйынында мындай деген:

- Сот аркылуу маселени аныктоого камалгандардын жактоочулары да киришкен. Бүгүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндөгү негиздүү арыз биринчи май райондук сотуна берилди. Иштеп жаткан Конституциянын жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын көптөгөн нормаларынын бузулгандыгын башкы прокуратурага жана тергөө органдарына айтып келатканбыз. Ошондой болсо да эч кандай негизи жок эле жоопсуз калып келатат. Биз мындан ары дагы бул маселени жогорку тепкичтеги инстанцияларга чейин коюп, чоң резонанс жараткан бул кылмыш ишин аша чаппай, акыйкат иликтөөнү талап кылабыз.

Ушул эле күнү Бириккен фронттун лидери, экс-премьер министр Феликс Кулов үч саясатчынын ордуна камакка өзү отурууну сунуштап Коопсуздук кызматына барып келди. Ал эми Реформа үчүн кыймылына мүчө Жогорку Кеңештин депутаттары кепилдик сурап башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура дал ушул кепилдиктин чегинде камалгандарга баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу саясатчылар бошогондон кийин Жогорку Кеңештин депутаты, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Буга чейин апта бою премьер-министр Алмаз Атамбаев менен президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун деңгээлинде Темир Сариев, Иса Өмүркулов өңдүү саясатчылар, Турсунбек Акун, Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова өңдүү укук коргоочулар сүйлөшүү жүргүзүп келген. Ага жараша бийлик эч кандай саясий куугунтук болбой тургандыгын бир нече курдай эскертишкен. Мындай пикирин Укук коргоочулар менен жолугушууда да премьер-министр Алмаз Атамбаев белгилеген болчу:

- Лидерлерге санааркабай эле койгула. Алар, Кулов баштагандар суудан кургак чыгышат. Алардын бардывгы юристтер. Жанагы 15-16 жаштагы балдар жабыркап калышат. Мен буга ишенип турам.

19-апрелдеги массалык баш аламандык боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө кандай өңүттө уланары тууралуу азыр тиешелүү адистер маалымат берише элек. Президенттин карамагындагы укук коргоочу Турсунбек Акун бул кылмыш иши сөзсүз аягына чыгышы керек дейт. Анткен менен, укук коргоочулар бул кылмыш ишинин негизсиздигин айтып жатышат.

Укук коргоочулардын баамында 19-апрелдеги окуянын айланасындагы чыр-чатактар коопсуздук кызматын реформалоо зарылдыгы алда качан бышып жетилгендигин дагы бир жолу далилдегендигин белгилеп жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG