Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:42

ДОСЫМ САТПАЕВ: КАЗАКСТАН МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ЖАКЫНДА БИРИКПЕЙТ


Ушул аптада Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда Бишкекте кол коюлган жаңы макулдашуулар Москвалык гезиттерде чоң окуя катары сыпатталып, Борбор Азияда жаңы Биримдик түзүлүүдө деген кабарлар жарык көрдү. Аларда жазылгандай, Казакстан Кыргызстандагы таасирин күчөтүп, коңшу өлкөнү акырындап кошуп алгысы келеби? Кабарчыбыз Венера Сагындык кызы ушул маселелердин тегерегинде Алматылык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча эксперт Досым Сатпаевди кепке тарткан.

Венера Сагындык кызы: - Москвалык алдыңкы гезиттер “Борбор Азияда жаңы Союз түзүлдү. Казакстан көптөн бери айтып келаткан региондогу супердержава, лидер болуу дымагын четинен ишке ашырып, мына Кыргызстанды өзүнө кошуп алуу аракетин баштады” деп жазып чыгышты. Казакстанда да Назарбаевдин Бишкектеги сапары ушундай комментарийлер жараттыбы?

Досым Сатпаев: - Орусиялык маалымат каражаттары албетте, бир аз көбүртүп-жабыртып жиберишти. Казакстан менен Кыргызстан Бирикме түзгөн жери жок. Эки мамлекет ортосунда Жогорку Кеңеш, тышкы иштер министрлеринин Кеңешин түзүү тууралуу чечимдер кабыл алынды. Бул келишимдер эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана башка байланыштарды өрчүтүү максатын көздөйт. Орусия менен Беларус баштап, ишке ашпай калган Союз Борбор Азияда пайда болду деп айтуу туура эмес. Кыргызстанда Казакстандын олуттуу экономикалык инвестициясы бар. Назарбаевдин сапары Кыргызстанда саясий олку-солку окуялар болуп жаткан чакта ошол казак инвесторлорунун кызыкчылыгын коргоого багытталган. Кыргызстан менен Казакстандын биригүүсү дегеле мүмкүн эмес, анткени атүгүл казак бизнесинин активдүү иштешин да кыргыз саясатчыларынын көбү колдобойт.

ВС: - Анда Нурсултан Назарбаев Бишкекке президент Курманбек Бакиевге, анын саясатына колдоо билдириш үчүн барды десек болобу?

ДС: - Сөзсүз, бул визит эң ириде Казакстан үчүн эмес, Кыргызстандын президенти Бакиев үчүн абдан маанилүү. Назарбаев өңдүү постсоветтик аймакта авторитеттүү жетекчинин Кыргызстанга барышы – президент Бакиев Кыргызстандагы кырдаалды жетиштүү көзөмөлдөп жатат, ага коңшулар тарабынан ишенич бар дегенди түшүндүрөт. Бул – Кыргызстандагы саясий оппозиция, дегеле кыргыз коомчулугу үчүн Курманбек Бакиев башка өлкөлөрдөгү саясий лидерлердин колдоосуна ээ деген белги.

ВС: - Бирок, экинчи жагынан Бакиев коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине ыктаган сайын ал эми чечкиндүү реформатор боло албайт деген пикирлер да көбөйүп атпайбы.

ДС: - Маселе Бакиевде эмес, маселе анын профессионалдуу башкаруучулар командасынын жоктугунда. Кыргызстанда дымагы чоң саясатчылар көп, бирок профессионалдуу башкаруучулар аз. Саясий күрөштөрдөн чарчаган кыргыз экономикасына ушу тапта профессинал менеджерлер – башкаруучулар абдан жетпей турган чак.

ВС: - Кандай деп ойлойсуз, Кыргызстан келечекте да Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө болуп кала береби, же багытын өзгөртүшү мүмкүнбү?

ДС: - Менимче, улам бир саясий чыр-чатактар болуп келатканы менен, Кыргызстан Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн демократия жагынан аябай эле алдыга кетти. Кыргызстан башка коңшулаш өлкөлөр өтө элек саясий баскычтарды артта калтырды, калкынын саясий маданияты жогору. Убагында Аскар Акаев да коңшулаш өлкөлөрдүн лидерлерин туурап, президенттик бийликти күчөтөм деп отуруп, өзү түзгөн демократиялык институттарга чалынып чалкасынан түшпөдүбү. Курманбек Бакиев да өлкөдөгү саясий анархиядан чыгуунун амалы деген шылтоо менен өз бийлигин бекемдөөгө азгырылышы мүмкүн. Бирок, менимче ал Кыргызстанда авторитардык бийлик орното алгыдай күчтүү саясатчы эмес.

ВС: - Маегиңиз үчүн ырахмат!

XS
SM
MD
LG