Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-август, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 23:18

АЙЫМДАРДАН ЧЫККАН ТУНГУЧ КОМУЗЧУ


Кыргыз айымдарынын арасынан биринчи чыккан көрүнүктүү комузчу, республиканын эмгек сиңирген артисти Мейликан Козубекова тирүү болгондо быйыл туура 75 жашка чыкмак.

1946-жыл айтылуу Атай ден-соолугуна байланыштуу Кыргыз филармониясынан эс алууга чыгат. Туулуп өскөн Көккашат айылына көчүп барат. Таластын таза абасына келгени ал баштагыдан өзүн жакшы сезип, эртели кеч айыл аралап, кээде айылдаштарына ырларын ырдап, күүлөрүнөн черте коюп, жарптарын да жазып жүрдү. Ал турсун айылдагы ышкылуу жаштарды сурамжылап: “- Азырынча алдан-күчтөн тайып, төшөккө жатып калганча, “жаман айтпай жакшы жок” дегендей көзүм жылтырап тирүү турганымда өнөрүмдү жаштарга таштап кетсем деймин. Атаганат, алар “Атай акем минтип чертүүчү эле. Атай акем мындайча ырдоочу эле. Биз өзүнөн ырларын, күүлөрүн үйрөнгөнбүз” дешип, күүлөрүмдү чертишип, ырларымды ырдап турушса менде эмне арман”,- деп ырга, күүгө жакын таланттуу жаштарды иликтөөгө алат. Кимдир бирөөлөрдөн Козубектин кызы комуз чертет деген кепти угуп калат. Атай атайын киши жиберип, он төрт жашар Мейликанды алдырат. Жаш кыздын музыкалык жөндөмүн, табигый шыгын баамдап, келечекте андан чоң комузчу чыга турганын байкайт. Ошол күндөн эле Атай Мейликанга өзүнүн күүлөрүн үйрөтө баштайт. Туубаса музыкалык шыкка бай Мейликан бат эле Атайдын күүлөрүн шак илип алып ал кандай чертсе дал ошондой кол ойното кооздоп черткенге умтулат. Алгач Атай шакиртине өмүрүнүн акыркы кезинде чыгарган “Шекер”, “Тообулбулу” аттуу күүлөрүн үйрөтөт. Бактысын комуздан издеген Мейликан бат эле устатынын эки күүсүн кудум Атай черткендей чеберчиликте айылдаштарынын алдына чертип чыгат.

Күн өткөн сайын Мейликандын аткаруучулук чеберчилиги жетилгенден жетилет. Комузга, күүлөргө болгон куштары баштагындан да артып, өздүк репертуарын байыта берет. Атай катуу ооруп бир буту жерде, бир буту көрдө салаңдап турса да, Мейликанга бүтүндөй күүлөрүн үйрөтүүгө аракеттенет.

1947-жыл. Өздүк көркөм чыгармачылыктын Таласта областтык, Бишкекте республикалык кароосу өтөт. Ага Мейликан да катышат. Чоң сынакта биринчиликти жеңип, биринчи даражадагы диплом менен сыйланат. Кортунду концертте ал Атайдын “Кыз кербезин” чертип чыгат.

Жаркын жүздүү, жайдары мүнөздүү жаш кыздын кадимки Атайчасынан колун түрлөнтө комузда ойнотуп, угуучулардын кыялдарын термелте черткен чеберчилиги терең таасирлерди калтырат.

1949-жыл. Сентябрь айы. Мейликан кезектеги эл чыгармачылыгынын республикалык кароосунда баш байгени жеңип алат. Калыстар тобунун чечими менен кыргыз филармониясында иштөөгө калтырылат. Ошентип Мейликан атактарын алыстан угуп, өнөрүн бир күрөөгө куштар болуп жүргөн Карамолдо, Ыбырай, Калык, Осмонкул, Саякбай, Молдобасан ж.б. залкар шайырлардын тобуна аралашат. Катуу ооруп төшөктө жаткан Атай шакиртинин өзү агарып-көгөргөн филармонияга артисттикке кабыл алынганына кубанычы койнуна батпай сүйүнөт. Бирок, андай кубаныч көпкө созулбайт. “Жакшылык менен жаманчылык жанаша жүрөт” дегендей Атай о дүйнөгө сапар алат. Суук кабарды укканда Мейликан кайгынын кара туманына капталат. Жаш шайыр устаты Атайдан ала албай калган комуз күүлөрүнүн кереметтерин Мейликан кийин Ш.Шеркуловдон, Асылбек Эшмамбетовдон мыктылап үйрөнүүгө умтулат.

1957-жыл. Козубекова Бүткүл Дүйнөлүк жаштар менен студенттердин 6 фестивалына карата Москвада өткөн Бүткүл Союздук фестивалда биринчи орунду ээлеп, лауреат болот. Кийинчерээк Козубековага Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам ыйгарылат. Кыргыз айымдарынан алгачкы жолу чыккан таланттуу комузчунун черткен күүлөрүн Кытай, Монголия, Польша, Венгрия, Румыния, Сириянын угуучулары да угушуп, аткаруучулук чеберчилигине суктанышат. Тилекке каршы Мейликандын таланты ташкындап толуп, болуп турган 42 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышат.

- Самарбүбү айым, маркум Мейликан филармонияда чейрек кылым иштегенин жакшы билесиң. Бир топ жыл эжең менен бирге иштештиң. Маркумдан таалим-тарбия ала алдыңбы? Деги Мейликан кандай комузчу эле?

- Жакшы болот. Мен Мейликан эже менен филармонияда бир топ жыл бирге иштешип калдым. Бирок, эже башка бригадада, мен башка бригадада иштеп жүрдүм. Мен жети жылдык мектепти бүттүм. Бишкекке М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүргөндө эжеден бир сабак алып калайын деп артынан чуркап жүрүп, бир күнү жолдошум Чалагыз эженин үйүнө алып барды. Ал кезде Набережный көчөсүндөгү кичинекей жер үйдө турат экен. Эже жакшы тосуп алды. Мен комуз кармап, кыл тырмагандан Атайдын “Марш Камбарканын” жакшы көрчүмүн. Ошол күүнү эжеден үйрөнүп калсам деп барган элем. Эже биз барганда комузда машыгып отуруптур. Эжеге айттым: - Мен сизден таалим алайын деп келдим. Сиз Атай агайдын “Марш Камбарканын” чертип берсеңиз угайын. Сиз кандай чертесиз. Сиздин ыкмаңыз боюнча үйрөнүп алсам жакшы болот эле. Мен келечекте комузчу болсом дейм, – деп аябай сурандым. Ошондо эже жакшы болот, отурагойгула, чертип берейин – деп “Марш Камбарканды” чертип берди. Эженин ойногонун көрдүм. Аябай жакты. Бул күүнү үйрөтүп койбойсуңбу десем. Мен гастролго көп кетем, убактым болбойт го деди. Мен анда радиодон жазып алайын, ошондон үйрөнөйүн дедим. Ошентип эже менен бир жолу гана чогуу отуруп сүйлөштүм. Чынын айтсам эженин мага комуз үйрөткөнгө убактысы такыр болгон жок. Кийин Чалагыз радиодон жазып келди. Мен эженин чертүүсүндө “Марш Камбарканды” үйрөндүм. Эжени көргөндө ушундай да аялдардан чоң комузчу чыгабы деп аябай таң калдым. Эжедей чоң комузчу болсом деп суктануучумун. Эже арабыздан жаш кетти. Эгерде эже жашап турса көп сабак алып калат элем. Тагдыр деген татаал экен айла жок болуп калды. Эженин мени күүлөрдү үйрөткөнгө такыр убактысы болбой эки-үч айлап командировкалап жүрүп көзү өтүп кетти.

Эл акыны, төкмө акын Ашыраалы Айталиев Мейликандын комузчулук аткаруучулук чеберчилигин өтө жогору баалап келип, үй оокатка болгон аялзаттык асыл сапаттары жөнүндө мындай дейт:

- Мейликан маркум өзү артист болсо да үй оокатка келгенде кадимки колунан көөрү төгүлгөн аялдардай эле машина менен кийим тигип отурганын көрдүм. Тамак ашты да мыкты жасоочу. Айрыкча кайран Мейликан таластыктардын күлчөтайын катыра жасоочу. Кээде биз 2-3 киши чогулуп алып, күйөөсү Абдысаламга: - ой, Абдасалам биз күлчөтайды абдан сагындык. Мейликаныңа бир күлчөтай жасатып берсең болбойбу – десек, жүргүлө деп, күлчөтайды да жасатып берүүчү. Эт тураганды Мейликандан көрчүбүз. Командировкада жүргөндө эт көп. Мейликан этти катыра туурачу.

Маркум Мейликан концерттерде жеке күүлөрдү чертүү менен бирге комузчулардын ансамблине да такай катышып, Токтогулдун, Атайдын, Айдараалынын күүлөрүн да таза, так, безилдете чертээр эле.
XS
SM
MD
LG