Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

БЕРМЕТ АКАЕВА: СОТ ЧЕЧИМИ КАЛЫС БОЛБОЙ КАЛДЫ


- Бермет айым, негизи азыр Жогорку сотто отурабыз. Сиздин талапкерлигиңиз боюнча Кемин райондук соттун кароосун кандай карайсыз?

- Кемин райондук сотунун эки чечими бар. Биринчи чечими райондук сотунун төрагасы Сарымсаков мен үчүн жакшы чечим кабыл алып, мени кандидат катары калтырды. Алымкулов болсо кечирээк чечим чыгарды, ал баш тарткан чечим чыгарды. Аны эч ким уккан жок, эч ким көргөн жок. 25-апрелде эртең менен ал чечим биздин өкүлдөрүбүзгө берилген.

- Алар сизге эмне деп доомат коюп атышат?

- Бул боюнча Бермет беш жыл жашаган жок деп окружком регистрациядан өткөргөн. Ошону өткөрбөш керек эле, деп менин оппоненттерим арызданышты Алымкуловго. Бирок, сотто чегара кызматынан өкүл келди, борбордук шайлоо комиссиясынан өкүл келди. Соттун алдында бүт аргументтерин менин юристтерим аныктап беришти. Биздин чегара кызматы мисалы документти жазыптыр, “мы сведений не имеем, когда пересекала, когда не пересекала” деп. Якобы Казакстандан бир докумен сураштыы ушул маселе боюнча. Бирок, бул кагаздын же мөөрү жок, же фирмалык бланкта эмес, жөн эле бир киши жазып койгон, жасалма. Менин өкүлүм ал кишиге барды. Ал киши бул менин колум эмес, мындай кагазды жазган эмесмин деп айтты. Биз дагы Казакстандын чегара кызматынан, КНБдан катын алдык. Эч кандай кайрылуулар биз тараптан болбоптур же алар кайрылууларга жооп берген эмес.

- Кыргызстанда жашайсыз да азыр?

- Дарек боюнча бул жерде жашайм. Шайлоо кодекси боюнча 6 айга чейин өлкөдөн чыкса болот. Мен ушул кодексти эч кандай бузган эмесмин.

- Азыркы Жогорку соттун кароосуна көз карашыңыз кандай?

- Мен үчүн бул калыс эмес иштеген сот болуп атат. Себеби биринчиден бизге эч нерсе айтылган жок, маалымат жеткирилген жок соттон, заседание качан болот деген. Менин өкүлдөрүм келгенде аларды бул жака киргизген жок. Демек бул калыс эмес сот. Биз отвод сурасак бизге судейский коллегия отвод берген жок. Менин адвокаттарым киргенде алар чечим чыгарганга кеңешүүчү комнатага кетип калды.

- Кемин райондук соту Алымкулов боюнча жактоочуларыңыз айтпады беле кандайдыр бир мыйзам бузууларга барды деп?

- Кемин сотунда абдан көп каталар болуп калды. Алымкулов жүргүзгөндө. Эң негизги катасы бул кеңешүүчү бөлмөгө кеткенде болду. Кеңешүүчү бөлмөдөн келип-кетип атышты, бул эреже бузулду. Бул мыйзамсыз чечим. Жыйырма бешинде ошол чечимди көрдүк. Жыйырма үчүнөн кийин менин кандидатурамды ошол шайлоодон алганга болбойт эле. Себеби шайлоого 5 күн калганда Конституция боюнча кандидатты ала албайт.

- Азыр Жогорку сотко кандай ишеним көрсөтүп атасыз?

- Сот менин оюмча калыс сот болгон жок. Себеби, биздин бир дагы сурообуз, талабыбыз, сунушубуз эске алынган жок. Бул мен үчүн калыс эмес сот болуп атат.

- Сиздин кызыкчылыгыңызга жакшы чечим чыгат деп ишенсе болобу?

- Билбейм, бул сотту карасак айтыш кыйын кандай чечим болот. Калыс чечим мени калтырган чечим болот эле. Себеби өзүңүз көрдүңүз эч кандай далилдери, эч кандай маалыматтары жок.

- Ырахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG