Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

ПАКИСТАН: ЖАНКЕЧТИНИН ЖАРДЫРУУСУНАН 28 КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 28-апрелде Пакистандын ички иштер министри Афтаб Хан Шерпаого кол салуу болуп, андан миинстр жарадар болду. Жан кечти террорчунун жардыруусу Чарссада шаарындагы митинг учурунда, министр өз сөзүн жаңыдан аяктаганда болду. Котологон эл ичинде күтүүсүз жерден болгон жардыруудан бери дегенде 28 киши курман болду, 50 чакты киши жараат алды, 10 чакты кишинин абалы өтө оор.

Жан кечти террорчунун жардыруусу Чарссада шаарындагы митинг учурунда, министр өз сөзүн жаңыдан аяктаганда болду. Котологон эл ичинде күтүүсүз жерден болгон жардыруудан бери дегенде 28 киши курман болду, 50 чакты киши жараат алды, 10 чакты кишинин абалы өтө оор. Жараат алган Зиярап Гүл деген киши Рейтер кабар ангенттигине бурады айтып берген:

- Күтүлбөгөн жерден катуу жардыруу болуп, баарыбыз эсибизден танып калдык. Эсиме мени бирөөлөр көтөрүп жөнөгөндө келдим, карасам айланамда кишилердин өлүктөрү чачылып жатат.

Жарадар болгон министр Афтаб Хан Шерпао тезинен кошуна Пешавар шаарынын ооруканасына жеткирилди. Жардыруудан ошондой эле министр менен бирге жүргөн уулу жана бийлик адамдары жаракат алды. Министрдин сакчыларынын айтымында, террорчу министрге жакын келүүгө аракеттенген, бирок аны сакчылар жолотпой коюушкан.

Чарссада шаары Ооганстандын чек арасына жакын жайгашкан тынчы жок региондордун бири болуп эсептелет. Өткөн айлардын ичинде бул чөлкөмдө согушкер топтордун үстөккө-босток кол салуулары болгон. Чөлкөмдүн полиция башчысынын жергиликтүү телеканалга берген маалыматына ылайык, жардырууга кимдер жоопкер экени али аныктала элек. Окуя болгон жерден жан кечти террорчунун башы табылды. Полиция террорчу ооган болгон болуусу мүмкүн, деп божомолдоп жатат.

Министрге жасалган кол салууну Түркияда визит менен жүргөн президент Первез Мушараф кескин сынга алып, террорчулар менен аёосуз күрөш жүргүзүлө турганына ишендирди.

Террорчулардын кол салуусуна Пакистандын көптөгөн өкмөт мүчөлөрү, алардын ичинде Первез Мушарадын өзү да дуушар болгон. Ушул жылдын февраль айында өлкөнүн Лахор провинциясында провинциянын социалдык камсыздоо министри Зилле Хума айым атып өлтүрүлгөн. Ага жыйын учурунда ок ачкан адам бул кол салуунун себебин "аялдын министр болуп, эркектерди башкаруусу, ислам дининин эрежелерине каршы келет" деп түшүндүргөн.

Ошол эле күндөрдө Белуджистанда регионалдык өкмөттүн мүчөсү Сардар Яр Мухамед Риндге машинеде кетип бараткан жеринен ок атылып, бирок андан эч ким жабыркаган эмес.

Ошол эле февраль айында Белуджистанда сот залында процесс жүрүп жаткан учурда бомба жардырылып, андан 15 киши курман болгон. Ооганстан менен чектеш Белуджистан провинциясында улутчул күчтөр чөлкөмдүн автономиялык укуктарын кеңейтүү үчүн күрөшүп жатышат.

XS
SM
MD
LG