Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 08:56

ОТУЗАДЫР МЕНЕН КЕМИНДЕН ПАРЛАМЕНТКЕ КИМДЕР КЕЛАТАТ?


Кемин жана Отузадыр шайлоо чөлкөмүндө кечки саат сегизде добуш берүү аяктап, шайлоо учачсткалары жабылды. Азыркы тапта шайлоочулардын добуштарын саноо жүрүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы ырастагандай, бул эки чөлкөмдө тең шайлоочулар 50 %дан жогору келип, шайлоо өткөндүгү тастыкталды. № 40 - Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча катталган 41 331 адамдын ичинен 23 879 шайлоочу добуш берүүгө катышкан. Бул - шайлоочулардын 57,7 %ын түзөт. Ал эми № 57 – Кемин шайлоо чөлкөмүндө 33 573 шайлоочу катталса, добуш берүүгө 18 600 адам катышкан. Бул – чөлкөмдөгү жалпы шайлоочулардын 55,4 %ын түзөт. Шайлоо участкаларында партиялардан, коомдук уюмдардан жана талапкерлердин атынан келген байкоочулар болушту. Отузадыр шайлоо чөлкөмүндө Акыйкатчынын институту баш болгон бир катар уюмдардан келген 405 адам байкоочулук кылышса, Кеминде 799 байкоочу жүрдү.

Отузадырдан депутаттыкка 6 талапкер ат салышса, Кемин округунан 13 талапкер күч сынашышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда азырынча байкоочулардан мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөр же телефон чалуулар түшкөн жок.

Эскерте кетүүчү нерсе Кемин шайлоо чөлкөмүнөн депутаттыкка талапкер катары экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева талапкер катары катталып, шайлоого эки күн калганда Жогорку Соттун чечими менен шайлоого катышуу укугунан ажыратылган. (IJz)

XS
SM
MD
LG