- Абалыңыз кандай болуп калды?
- Ырахмат, абалым азыр кичине жакшы, бирок өзүмдү бир аз алсыз сезип турам. Кан басымым төмөндөп кеткен экен. Дарыгерлер бир- эки күн жатасың деп айтышууда. Кечээ узак убакыт сурактан чыккандан кийин эс учумду билбей жыгылып түшүптүрмүн. Дароо эле ооруканага алып келип жаткырышкан экен.
- Райондук прокуратурада сурак берипсиз, сурактын негизи эмнеге байланыштуу болду?
24-апрелге караган түндөгү бардык ишти мага байланыштырып жатышат. Массалык башаламандыкты сен уюштургансың деген күнөө коюшууда. Ал жерде чынында бир аз стол, креслолор сынганы болбосо эч кандай деле башаламандык болду дегенге негиз жок.
- Ушундай саясий кырдаалда сиздин өмүрүңүзгө коркунуч жаралбайбы?
- Жок, мен коркпойм. Азыр деле кетип калбайсыңбы, бул жерде сени камап салышат коркутуп жатышат. Бирок мен эч жакка кетпейм. Менин жерим ушул жер.
- Мындан аркы кадамдар кандай болот?
- Жогорку Cоттун чечими мыйзамсыз. Бул саясий оюн болуп калды. Эми биз Конституциялык Сотко беребиз. Ал эми прокуратурага болсо өзүнчө талабыбыз болот. Биздин мындан аркы кадамдар шайлоого эч кандай деле таасири жок, бирок акыйкаттык үчүн, мыйзамдуулук, чындык үчүн ишти аягына чыгарууга аракет кылам.
- Сиздин саясий карьераңызга атаңыз кандай карайт?
- Биздин үй бүлөө өтө демократиялуу. Кырдаал ушундай болуп жатканда деп бир катар кеңешин айтат. Бирок ар дайым түшүнүп, колдойт.
- Жалпы «акаевдердин» жаатына айтылган сынды кандай кабыл аласыз?
- Бул аралыктарда кандай гана териштирүүлөр, соттор болду. Бирок атамдын ким экенин убакыт көрсөтөт. Бул аралыкта деле жыргап кеткен жокпуз. Эл азыр түшүнүп, салыштырып баштады. Маселен мен өзүм өлкөдө эч бир жылышты байкаган жокмун.
- Жеке ишиңизге келсек?
- Эки ай болду, Орто Азиядагы изилдөө институтун ачтым. Ошону андан ары алып кетем. Микро кредитке байланышкан дагы башкаи ишим бар. Депутат болбосом да жердештериме жардам бергендин жолун издейм.
- Бүгүнкү саясатчыларга жана бийликке болгон оюңуз?
- Мен көрүп атам Кыргызстан аябай бөлүнүп калды. Муну саясатчылар, бөтөнчө бийлик аябай бөлүп атат. Кадр саясатында мүчүлүштүк чоң. Ал аябагандай нааразылыкты жаратат. Атам жаш, билимдүү кадрларга көңүл бурчу. Андан сырткары бизнесске аябай зыян алып келишти. Инвесторлорду тартуу, алардын ишине кепилдик кылуу жок. Эгер аракет болбосо өлкө өтө опурталдуу убакка жетип калды.
- Экс-президент А. Акаев Кыргызстанга качан келээри туурасында айтсаңыз?
- Канча адамдарды атып өлтүрдү. Азыр абдан кооптуу. Ошону үчүн атамдын дагы коопсуздугуна эч ким кепил боло албайт. Бирок атам келет. Азыр Москва мамлекеттик университетинде иштеп атат. Атам илимге кирип кетти. Экономикага байланыштуу китеп жазып атат. Азыркы бийлик өзү билемдик кылып жатышат, ал кишинин да билимин, тажрыйбасын баалап ала турган мезгил келээр. Атам деле учурдагы абалды анализдеп жатат.
- Апрелдеги митигдердин алдында айрым гезиттер, оппозициянын артында А.Акаев турат деген негизде макалаларды жазып чыгышты эле?
- Жок, эч кандай негиз жок. Атам азыр саясатка аралашпайт. Саясатчылар менен дагы байланышы бар деп айта албайм. Ал киши азыр илимге кирип алган.
-Маегиңизге чоң ырахмат!
Жазгүл Жамангулова, Чүй