Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алыш үчүн болгон аракет жасалгандыгы байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасаыш зырылчылыгы белгиленет. Керектүү болгон жүк ташыш үчүн казактардан жылкы жана төө сурап Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт. Капыстан келген көчтө Ормон хан сесетенбеши үчүн алдын-ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. 1853-жылдын 30-апрель күнкү рапортто көрсөтүлгөндөй Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүүгө көрсөтмө берилет.
Түркстан Автономиялык Республикасынын мамлекеттик окумуштуулар кеңеши 1924-жылдын бу күнү “Каракыргыз илим комиссиясын” уюштуруу туурасында чечим чыгарылат. Түркстан Автономиялык Республикасынын мамлекеттик окумуштуулар кеңшинин чечиминде, кара-кыргыздардын кыргыз-казактардын тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-кыргыз илим комиссиясы, Түркстан Автономиялык Республикасыныны мамлекеттик окумуштуулар кеңшине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишенаалы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында КАра-кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айлантылган.
Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 30-апрелинде ишин аяктады. Кеңеш жыйынында Кыргыз Автономиялык Советтер Социалисттик Республиканын жана Конституциясы кабыл алынды. Баш мыйзаимга ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республиксынын мамлекеттик желеги бекитилген. Кызыл түстөгү желектин каскакка бекиген жеңине жакын алтын тамгалар менен кыргызча “Кыргыз АССРи” деп жазылган.
Жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин Фрунзе шаардык кеңешинин 1929-жылдын бу күнкү чечимине ылайык, христиандардын Свято-Серафимова чиркөөсү Агартуу Элдик комиссариатына берилди. Элдик агартуучулар чиркөөнү коңшу жайгашкан балдар үйү үчүн клубга айландырышып, акыры аны талкалана турган даражага жеткиришкен.