Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

ТОКТАЙЫМ ҮМӨТАЛИЕВА: КЕМИНДЕ ШАЙЛОО ОДОНО МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР МЕНЕН ӨТТҮ


Кемин шайлоо чөлкөмүндөгү депутаттык орун үчүн 29-апрелде болгон добуш берүүнүн жүрүшүндө көп сандаган одоно мыйзам бузуулар болгонун байкоочулар белгилешүүдө. Алар төрт участок боюнча добуш берүүнү жараксыз деп таап, жаңы добуш берүүнү талап кылып сотко жана БШКга да кайрылган жатат. Бул жөнүндө “Азатыкка” Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди.

- Биз азыр Кеминде округдук комиссиянын ичинде отурабыз. Бул жерде азыр 12 уюмдун көз карандысыз байкоочулары отурат. Азыр эң чоң чатак төрт участок боюнча болуп атат, бул 24, 31, 32, 33-участок. Бул жерде көз карандысыз байкоочуларга берген протокол менен округдук комиссияга берген протоколдун айырмасы 1340 добуш болуп атат. Биринчи учурда округдук комиссия кайра санайбыз деген чечим кабыл алган. Бирок ошол өздөрүнүн чечимин кайра одоно бузуп, азыркы кезде саноону жүргүзбөйбүз деп атат.

Кечээтен бери 12 комиссия алып келген добуштарды печаттары жок алып келди. Бул жерде 5-6 комиссия болсо, 607 киши 18, 39-участоктор бул жерде өздөрү печать коюп, протоколго ушул жерден кол коюп атты. Ошол эле учурда Арсалиев Эркин деген кандидаттын өкүлү көз каранды эмес байкоочуга кол салып, анын фотокамерасын талкалап салды.

- Демек бул жерде шайлоо өттү деп жарыяланганы жатабы, жарактуу болдубу?

- Жалпы жөнүнөн бул жерде демократиялык принциптер бузулуп, шайлоону жараксыз деп эсептесе болот. Мыйзам бузуулар өтө чоң болуп атат. Акыркы эки күндү алсак шайлоо өтүп аткан округдук комиссиянын бөлүмүндө прокурор, УВДнын чоңдору, милициянын башчысы жүрүп атат. Бул баары мыйзамды, кодекстин нормаларын одоно бузуу болуп эсептелинет. Ушунун негизинде шайлоону жараксыз деп эсептесек болот. Анткени кодекстин 3-4 статьясы бузулуп атат.

Азыркы кезде ошол эле шайлоо комиссиясына кысым болуп атат. БШКдан сүйлөшүүлөр болуп атат. БШКнын өкүлдөрү башка кандидаттын өкүлдөрү менен, окружкомдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Жалпы жонунан бул жерде Төлөйкан Исмаилованын, коалициянын, Азиза Абрасулованын, ОБСЕнин, Улгайган адамдардын ресурстук борборунан байкоочулар отурат.

- Демек сиздер өзүңүздөрдүн тыянактарды борбордук шайлоо комиссиясына бересиздерби?/i>

- БШК биз берген актыларды албай атат. Биз ошол актыларды толуктап туруп БШКга өткөрөбүз жана төрт участок боюнча жаңы добуш берүү боюнча сотко жана БШКга да беребиз.

- Эл колдогон талапкер тигил же бул жүйө менен шайлоодон чететтилген да, анан жактоочулардын баары шайлоого келип, бирок баарына каршы добуш берип, шайлоону жараксыз кылууга жетишкен учурлар болгон эле. Акаеванын жактоочулары жол тосуп жатышты эле, алар мына ушундай кадамга барыштыбы сиздердин баамыңыздарда?

- Жок, бир нерсени белгилеп кеткибиз келет. Бул жерде отурган бир топ жарандык коомдун өкүлдөрү эл менен сүйлөшүп, акылдашып, жол тосуу деген жаман көрүнүш болуп баратат, ушундай адатка барбайлы дегенде, жол тоскон жок. Бул жерде баарына каршы добуш берүү болуп атат. Азыркы мезгилде баарына каршы добуш берүү алдыда келаткан. Бирок 4 участоктун протоколун алып кетип, кайра 7 саат кармап, айырмасы 1200 добуш кылып алып келип атат.

Байкоочулар бул жерде отурат, алардын көзүнчө ачкыла десек, бюллеттенди ачтырбай атат. Бул жерден окургдук комиссия бул бөлмөдөн кетип калды. Бул жерде 20 чакты милиция турат. Ошол эле учурда сейф чапталган жок, бекилген жок, ачык турат. Бул бүт кодексти бузуунун эң негизги коркунучтуу пунктары болуп эсептелет. Анткени каалаган киши кирип-чыгып атат, ачып атат, жаап атат. Бул жерде канчасы калды, канчасы калбады белгисиз болуп атат.

- Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG