Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

ИРАКТАГЫ АБАЛ БОЮНЧА ЖАҢЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздөгү аптада Мисирдин Шарм эл-Шейх деген курорт шаарында Ирак маселеси боюнча ири эл аралык конференция өткөрүлөт. Ага катышууга Тегеран дагы макулдугун берди жана Иран менен АКШ өкүлдөрү жыйын алкагында өз-ара жолугушуу да өткөрүшү мүмкүн.

10-мартта Багдад шаарында Ирактагы абал боюнча ири жыйын болуп өткөн, ага 17 өлкө жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышкан, алардын ичинде - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болуп кирген бардык беш мамлекет, Ирактын кошуналары, Исламдык конференция уюму, Араб лигасы жана башка уюм менен өлкөлөрдүн дипломаттары болгон.

Ал жыйында - жакын арада ушул эле маселе боюнча министрлер деңгээлинде конференция өткөрүү жөнүндө макулдашылган жана андай конференция 3-4-май күндөрү Мисирдин Шарм эл-Шейх шаарында өткөрүлмөй болду, ага элүүгө жакын мамлекет жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышат. 27-апрелде Анкара шаарында Иран жана Ирактын тышкы иштер министрлери Манучер Моттаки менен Хошияр Зебари жолукканда, Шарм эл-Шейхтеги конференцияга Моттакки чакырылды жана 29-апрелде Тегеран ага расми түрдө макулдугун берди.

Ирак жетекчилиги аны кубаттоо менен кабыл алды жана АКШда сапар менен жүргөн Ирак жетекчилигинин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Мовафак ал-Рубаи ошол эле 29-апрелде билдиргенге караганда, Мисирдеги конференция АКШ менен Иран ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга да көмөктөшөт.

АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дагы ошол эле 29-апрелде АКШнын "Эй-би-си" сыналгысына берген интервьюсунда - конференция учурунда ал Ирандын тышкы иштер министри менен жолугуп, сүйлөшүшү мүмкүн экенин билдирди. Эгер андай жолугушуу чындап эле болсо, дипломатиялык мамилеси жок эки мамлекет ортосундагы акыркы 30 жыл ичиндеги ал биринчи жогорку деңгээлдеги түз сүйлөшүү болот.

Бирок Райс айымдын айтымында, эгер андай сүйлөшүү болсо дагы, анда Ирак маселелери гана талкууланат. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттакинин билдиргенине караганда болсо, Шарм эл-Шейхтеги конференция - америкалык аскерлердин Ирактан чыгаралып кетишине негиз түзүүгө тийиш. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад дагы 26-апрелде Тегеранда Ирак министри Зебари менен жолукканда, Ирактагы абалдын жөнгө салынышын Ирандан катуу каалаган мамлекет жок деп билдирди. Анын айтымында, Иракка киргизилген америкалык аскерлер эч ийгиликке жете алган жок.

Анткен менен, Эл аралык кризис тобунун Амман шаарында иштеген эксперти Йост Хилтермандын айтымында, конференцияга АКШ менен Ирандын өкүлдөрү катышса эле, маселенин баары чечилип кетет деп күтпөш керек, бирок Ирандын абалга болгон таасири өтө зор: "Ирактагы абалга Ирандын таасири өтө күчтүү жана Тегеран аны ар башка ыкмалар менен колдонууда. Бир чети ал Иран менен Ирактын мусулмандарынын көпчүлүгү шийи болгону менен байланыштуу, бирок эң негизгиси - алар чек аралаш өлкөлөр жана өз ара байланыштары өтө терең жана байыркы. Ошондуктан Тегеран бул иште АКШга көп маселе жарата алат жана кандайдыр бир деңгээлде жаратты", - дейт Хилтерман.

Аны менен катар кошуна Сириянын борбору Дамаск шаарында дагы 30-апрелде ири журналисттик конференция болуп өттү жана анда - араб менен мусулман дүйнөсүндөгү маселелер арасында Ирактагы абал дагы талкууланды.

XS
SM
MD
LG