Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:45

ТҮРКИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО САЯСИЙ КРИЗИСКЕ АЙЛАНДЫ

Түркияда президенттик шайлоо саясий кризиске айланды. Дем алыш күндөрү Стамбулда миллионго чукул киши демонстрацияга чыгып, бийликтеги исламчыл партиянын өкүлү мамлекет башчысы болуп шайланышына каршылыгын билдиришти. Өлкөнүн конституциялык соту секулярдык позициядагы оппозициянын арызын карап, бүгүн же эртең өз чечимин чыгарганы турат. Батыштагы байкоочулар Түркиядагы бу кризисти ислам менен атеизмдин тиреши деп аташууда. Саясий кризис финансы чөйрөсүнө да терс таасирин тийгизди.

Парламенттеги президенттик шайлоонун биринчи айлампасында өткөн жума күнү байистүү исламчылардын адилет партиясынын талапкери, өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Гүл көп добуш алган, бирок ал мамлекет башчысынын мандатын алганга жетпей калган. Парламенттеги секулярдык партиянын депутаттары шайлоого катышкандан баш тартып, конституциялык сотко кайрылышкан. Оппозициянын талаптарын колдоп, Стамбулда дем алыш күндөрү бир миллионго жакын киши демонстрацияга чыкты. Демонстранттар премьер Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн Түркияда ислам мамлекетин түзүүнү пландаштырып жатканы үчүн айыптап, Абдулла Гүлдүн талапкерлигин алып салууну талап кылышты.

Абдулла Гүл талапкерлигин албай турганын айтып, процесс уланып жатканын, конституциялык соттун чечими чыкмайынча андай же мындай деп кеп айткан натуура болорун билдирди.

Өткөн жума күнү аскери генералитет шайлоо процессине кооптоно байкоо салып турганын, зарыл болгон шартта өлкөнүн секулярдык принциптерин коргоп каларын эскертти. Соңку жарым кылым ичинде аскерилер исламчыл ыкласы үчүн үч өкмөттү бийликтен алган. Байкоочулар бу жолу да аскерилер саясий процесске кийлигишиши ыктымал деп чочулашат.

Кокус окуя ушундай оролго түшө турган болсо Түркия үчүн келечекте Евросоюздун эшиги далай мезгилге чейин жабылып калышы мүмкүн экенин Брюсселде жогорку даражалуу өкүлдөр,анын ичинде шаркетти кеңейтүү маселесин тескеген комиссар Олли Рен эскертти.

Лондондук аналитик Фади Хакура Түркиядагы коомдук пикирдин соңку натыйжаларына таянып, өлкөдө атеизм менен ислам толук мунасада жашай алат деп ишенет. “Бийликтеги ислам партиясы өлкөгө стабилдүүлүк алып келгенден башка бейдинятчыл принциптерге шек келтиргидей эчтеме кылган жок. Анын үстүнө атеизмге кооп түшүп жатат деп эсептегендердин саны коомчулук арасында өтө эле аз”, - дейт Хакура.

Айрым байкоочулар конституциялык сот азыркы өкмөттү таркатып, парламентке мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу чечим чыгарарын болжолдоп жатышат. Мындай чечим бийликтеги партия үчүн деле оңтойлуу болмок. Эрдоган Түркияда азыр эң алымдуу саясатчы саналат. Андыктан жаңы шайлоодо Эрдогандын жана анын партиясынын кайра бийликке келерине байкоочулар ишенишет, бирок президенттик кызмат секулярдык партиялардын өкүлүнө өтүп кетиши мүмкүн дешет.

Саясий кризистин таасири финансы чөйрөсүндө да сезилди. Дүйшөмбү күнү биржада акциялардын баасы 8 процентке, улуттук валютанын наркы 4 процентке арзандады.
XS
SM
MD
LG