Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

ИНТЕРНЕТТИН ӨНҮГҮШҮ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Лондон шаарында чыгуучу "Экономист" деген журналдын Изилдөө борбору өткөн аптада дүйнө мамлекеттериндеги интернеттин өнүгүшү тууралуу кезектеги отчетун жарыялады. Борбор Азия өлкөлөрүнөн ага Казакстан гана кирген.

Интернеттин өнүгүшү тууралуу отчетторду "Экономист" журналынын Изилдөө борбору 2000-жылдан бери чыгарып келет жана ал "Электрондук даярдык" деп аталат. Быйылкы отчет 26-апрелде жарыяланды. Эң жогорку даярдык деп он упай топтогон мамлекет аталыш керек, дүйнөдө бир да өлкө ага жете элек, быйыл биринчи орунга коюлган Даниянын даярдыгы 8,88, ал эми экинчи орунду бөлүп алган АКШ менен Швециянын даярдыгы 8,85. Жалпы дүйнө боюнча орто даярдык былтыркы 6,02 деген баадан 6,24кө чейин көтөрүлдү, бирок изилдөө дүйнөнүн бардык мамлекетинде эмес, эң алдыңкы 69 өлкөдө гана өткөрүлгөн.

Борбор Азия мамлекеттеринин арасынан тизмеге Казакстан гана кошулган жана ал 3,78 упай менен 64-орунда, Кавказ өлкөлөрүнүн ичинен отчетто Азербайжан гана бар, 3,36 упай менен ал 68-орунга коюлган.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичинен эң өнүккөн деп Эстония аталган, ал чыгыш европалык мамлекеттердин арасында дагы электрондук өнүгүү боюнча эң алдыңкы жана 6,84 упай менен дүйнөдө 28-орунда. Латвия 37-орунда, Литва кырк биринчи, Украина алтымышынчы. Орусия болсо былтыркы 52-орундан быйыл 57-орунга түшкөн, бирок ал өлкөдөгү абалдын начарлаганы менен байланыштуу эмес, отчеттун авторлору быйыл изилдөө критерийлерин өзгөрткөн. Шериктештикке кирген башка жумурияттардагы абал изилденген эмес.

Жалпысынан алганда, Гоңконг 4-орунда, Сингапур алтынчы, Түштүк Корея он алтынчы, Тайван он жетинчи, Жапония он сегизинчи, Чехия отуз биринчи, Түркия кырк экинчи, Кытай болсо 56-орунда. Эң алдыңкы 10 мамлекеттин ичине аталгандардан тышкары Швейцария, Улуу Британия, Нидерланд, Австрия жана Финляндия кирген.

Отчеттун авторлорунун бири Денис Маккоулинин айтымында, азиялык мамлекеттер арасындагы өнүгүү көңүлгө татырлык: "Былтыркыга караганда, айрым критерийлерди биз быйыл өзгөрттүк жана негизги басымды - интернеттин айланасындагы мыйзамдар менен өкмөттүк саясат жана өкмөттүк мамилеге жасадык. Бул жагынан алганда, айрым азиялык мамлекеттер, мисал үчүн, Гоңконг, Сингапур, Тайван, Жапония жана Түштүк Корея бир топ жакшы өнүккөн жана, менин оюмча, ошондуктан алар алдыга чыкты", - дейт Маккоули.

Жаңы критерийлер колдонулгандыктан, Гоңконг, мисал үчүн, 10-орундан төртүнчүгө, Сингапур 13-орундан алтынчыга көтөрүлгөн, Тайван болсо алты орун алдыга секирген, ал эми Алмания 12-орундан жети орун ылдый, Канада болсо 9-орундан он үчүнчүгө чейин ылдыйлаган.

Ал эми InternetWorldStats деген сайт 10-мартта жарыялаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда азыр 280 миң адам интернетке чыга алат жана алар өлкө калкынын 5,2 пайызын түзөт. Казакстанда интернет кызматынан пайдаланган адамдардын саны 400 миң, бирок алар өлкө калкынын 2,7 пайызына барабар. Өзбекстанда интернетке чыга алгандардын саны андан эки эседен ашык көп - 880 миң адам, бирок алар жалпы өзбек калкынын 3,3 гана пайызын түзөт. Гоңконг менен Жапонияда болсо интернет кызматынан 5 жана 86 миллион адам пайдаланат, алар бул өлкөлөр калкынын 68 жана 67 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG