Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

1-МАЙДЫ ОРУСИЯ МИТИНГ-ДЕМОНСТРАЦИЯЛАР МЕНЕН ТОСУП ЖАТАТ


Бүгүн 1-май майрамында Орусиянын бир топ шаарларында эки миллиондой адам көчөгө чыгып, түрдүү митинг-демонстрацияларга катышты. Негизги майрамдык иш-чаралар өлкөнүн борбору Москва шаарында өттү.

1-май Орусияда азыр Жаз жана Эмгек майрамы катары белгиленет. Бул күнү өлкөдөгү дээрлик баардык саясий күчтөр өздөрүнүн жеке митинг-демонстрацияларын өткөрүштү. Москванын борбордук көчөлөрүндө жана аянттарда 14 митинг өттү. Алардын ичинде эң чоң жыйынды Тверская көчөсүндө көз карандысыз профсоюздар менен бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясы уюштурушту.

Эл алдына чыккан бийлик өкүлдөрүнүн ичинде Москванын мэри Юрий Лужков ушул күндөрү Эстония менен болуп жаткан чыр-чатакка токтолду.

- Эстония менен байланышкан бүт нерсеге бойкот жарыялаш керек! Алар биз үчүн ыйык болгон советтик жоокердин монументине жана аскерлердин мүрзөлөрүнө каршы жасаган ыймансыз аракеттерине биз бойкот жарыялайбыз!, - деди Москванын мэри Юрий Лужков.

Эстонияда советтик жоокердин эстелигин мурдагы оордунан башка жерге жылдыруу чечими жумурияттын өзүндө жана Орусияда кескин нааразылыкты жаратууда. Ушундан уламбы, 1-майда өткөн митингдердин көбүндө саясатчылар дал ушул окуяга кайрылууну туура көрүштү. Муну, кайсыл бир деңгээлде, саясатчылар жана партиялар шайлоо өнөктүгү учурунда сүйлөй турган сөздөр менен салыштырса болчудай. Ушул жылдын этегинде Орусияда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык жана шайлоо өнөктүгү дал ушул Май майрамы менен башталгандай туюлду. Мисалы, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов жакында Түштүк Америкага барып, Кубанын жетекчилиги менен жолугушуп келгенин, анан куру кол келбей, колдоо таап келгенин айтты.

- Эрдик көрсөтүп жаткан Кубага даңк! Алардын адилет күрөшүнө даңк!, - деди Орусиянын башкы коммунисти Зюганов.

Анын аралыгында, Москванын борбордук аянттарынын биринде «Акыйкат Орусия» партиясынын лидери Сергей Миронов Москва шаардык бийликтери акыйкатсыздык кылып, анын партиясына митинг үчүн ыңгайсыз жерди берип коюшканына таарынычын жашырган жок.

Москвада бул күнү оппозициялык СПС жана «Яблоко» партияларынын да митингдери болду. Алар Орусиядагы демократиялык баалуулуктар кысмакталып жатканын айтышты.

Майрамдык жөө-жүрүштөр бул күнү бир эле Москвада эмес, өлкөнүн башка шаарларында да жүз миңдеген адамдардын катышуусунда өттү. Профсоюздук уюмдар азыр эмгекчилердин абалы өтө оор экенин айтып, айлык акыны көбөйтүүгө чакырышты. Чеченстандын баш калаасы Грозныйда президент Рамзан Кадыров эл алдына чыгып, келерки жылы Май майрамында Грозный адам тааныгыс болуп, жакшы жакка өзгөрүп кетээрин айтты. «Быйылкы Май майрамы кайра жаралуу айы болуп калат», - деди ал. – Биз күндө бир топ маанилүү объекттерди ишке киргизебиз. Анан келерки жылы майда Грозныйда бир да бузулган, кыйраган имаратты таппай каласыздар», - деп сөз берди Кадыров.

Ушул сааттарда Москвада негизги митинг-демонстрациялар бүткөнүнө карабай, майрамдык концерттер уланууда. Жалпысынан, майрамдык иш-чараларда эч кандай тоз-тополоң болгону тууралуу кабар жок. Жалпы өлкө боюнча бул күнү 220 миңдей ашуун милиция менен ОМОН кызматкерлери коопсуздукка көз салышууда.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG